Menu

Жогорку Кеӊеш билим берүү министрлигине сунушталган Каныбек Исаковдун талапкерлигин жактырды

Бөлүшүү:

Жогорку Кеӊеш Премьер-министр тарабынан Билим берүү жана или министри кызмат ордуна дайындоо үчүн сунуш кылынган Исаков Каныбек Абдуваситовичтин талапкерлигин жактырды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин токтому кабыл алынды.

Каныбек Исаковду депутаттарга вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова тааныштырды. Талапкер буга чейин өзүн кесипкөй жана тажрыйбалуу жетекчи катары көрсөтө алганын билдирди. Айрыкча Ош мамлекеттик университетин 8 жыл жетектеп, аны эл аралык деӊгээлге чыгара алды. «Талапкердин билими да, тажрыйбасы да жетиштүү, мамлекеттик кызматтын талаптарын жакшы билет. Ошондон улам, жаӊы кызмат ордундагы милдетин татыктуу аракалап кете алат деген ойдомун», – деди ал.

Талапкер өзүнүн жаӊы кызмат ордунда аткарчу иш программасы менен тааныштырып, чоӊ жоопкерчиликти сезип жатканын, парламенттин жардамы таянуу жана мыкты адистерди тартуу менен, өлкөнүн билим берүү тармагын өнүктүрүү жаатында ишти алга жылдырууга аракет жасай турганын билдирди.

Талкуу жүрүшүндө депутат Алтынбек Сулайманов кезинде Касым Тыныстанов баштаган мамлекеттик ишмерлер менен окумуштуулар 30-жылдары эле латын алфавитине өтүү демилгесин көтөрүп, латын тамгаларын кыргыз тилинин өзгөчөлүгүнө ылайык иштеп чыкканын, бирок алардын көбү репрессияга тартылып кеткенин эске салды. «Азыр түрк тилдүү өлкөлөрдүн арасында Кыргызстан эле калыптыр. Сиздин латын алфавитине өтүү боюнча пикириӊиз кандай?», – деди ал.

Каныбек Исаков латын алфавитине өтүү кыргыз тилинин өнүгүшүнө түрткү бере турганын айтып, эгер андай мүмкүнчүлүк болсо, аны колдой турганын билдирди.

Андан тышкары, депутаттар окуу китептеринин сапаты менен мазмунун жакшыртуу, мугалимдердин эмгек акысын көтөрүү, жаш кадрларга камкордук көрүү, тамырлап кеткен коррупциялык жосундарды зарылдыгын белгилешти. Алар өздөрүн кызыктырган сууролорго жооп алуу менен бирге, өлкөнүн билим берүү тармагын өнүктүрүү жаатында ой бөлүшүп, бир катар сунуштамаларды берди.

КР ЖК Төрагасы Дастанбек Жумабеков жалпы депутаттардын атынан Каныбек Исаковду эл өкүлдөрүнүн ишенимине ээ болушу менен куттуктап, анын жоопкерчиликтүү ишинде ийгиликтерди каалады. «Сиз бул кызматка дайындалгандан кийин жоопкерчилик парламент тарапта да болорун эстен чыгарбаӊыз. Билим берүү тутумуна мамлекеттик бюджеттен жылына 30 млрд сом бөлүнөт, бирок азырынча анын натыйжасы анчалык деле байкалбай жатат», – деди ал.

Белгилей кетсек, «КР Өкмөтү жөнүндө» мыйзамдын жоболоруна ылайык, өкмөт мүчөсү парламентте ант бергенден кийин өзүнүн ыйгарым укуктарын расмий түрдө аткарууга киришет. Каныбек Исаков 4-сентябрда өз каалоосу менен отставкага кеткен Гүлмира Кудайбердиеванын ордуна сунушталууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 56 − 53 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: