Menu

Мирзохалим Каримов, журналист: “Аш-тойдо акча жыйнаган адатты токтотуу керек”

Бөлүшүү:

Баш калаанын кайсыл булуң-бурчуна барбаңыз, кафелер, ресторан, тойканалар каалгасын кенен ачып койгонуна көзүңүз түшөт. Мурдагылары келгенсип, жаңылары да үстү-үстүнө курулуп жатат. Алар чыгашага учурайм, банкрот болом деп коркпойт. Анткени элдин маданиятын, деңгээлин, салт-санаасын жакшы өздөштүрүшкөн. Ата-энеси же жакын тууганы каза болуп калса, келин алып, кыз узатса, юбилейин белгилегиси келсе, жогорку мамлекеттик сыйлыкка ээ болсо, айтор кандай гана жакшылык же жамандык болбосун, адамдар акыркы тыйынын да, элден жыйнаган конверттерин да, айласы куруганда алган насыясын да самандай чачып, маараке өткөрө турганын абдан жакшы билишет.

Каалгасын кенен ачып, күндөн-күнгө гүлдөп жаткан ошол таанымал кафе, ресторан, тойканаларга дээрлик ар бирибиз барып, баш айланткан түрдүү-түмөн даамды татып жүрөбүз. Бирок ошол тамакты кимдин эсебинен татканыбызды назарга албайбыз. Адатка айланган эреже боюнча мааракенин соңунда баштыктарды томпойтобуз да, босогого агылабыз. Маараке өткөргөн адамдарыбыз конвертибизди сылык-сыпаа алгандан кийин акырын узатып коюшат. Айтор, таткан даамыңдын акчасын керек болсо ашыгы менен төлөйсүң да, тойканадан узап кете бересиң.

Бул салттын маани-маңызына зыкымдык эмес, калыстык менен астейдил ой жүгүрткөн адамда кызыктай пикир пайда болушу ыктымал. Бирөө куран окутам же той өткөрөм деп бир нече күн илгери үстөккө-босток телефон чалып же кат аркылуу элди чакырат, дасторкон жайып тамагын берет да, аягында берген тамагынын акчасы салынган конверттерди жыйнап алат. Ушул да той өткөрүүбү? Ушул да куран окутуубу? XXI кылымда жашап жаткан биз үчүн муну салт деп айтууга эч мүмкүн эмес.

Тойканаларда, ресторандарда, кафелерде ж.б. жайларда мааракелер өткөрүлбөсүн, тыюу салынсын деген ойдон алыспыз. Мааракелер өтсүн. Бирок алар чакырылган адамдардын таткан тамагына төлөм катары жыйналган конверттердин, элди узатар алдында босогодо туруп алып алынган жыйымдардын эсебинен өткөрүлбөшү керек.

Маараке аяктап, элди узатар алдында босоголордо туруп алып конверттерди жыйнаган чоң кызматтагы жетекчилерди, Жогорку Кеңештин депутаттарын, министрлерди ж.б. көрүп келатабыз. Бул карапайым элге жакшы өрнөк эмес. Аларды көргөн колунда жоктор, куру намыска ууланары турган иш.

Бул өөн “салттын” кесепетинен айрымдыр олчойгон насыя алып, бири-бири менен атаандашып жатышпайбы. Төшөгүнө жараша бутун сунуп жашоонун ордуна “мен баланчадан кем белем, керек болсо андан ашырып той өткөрөм” – деп төшүн муштагандар барган сайын арбып келатканы өкүндүрөт.

Куран окутууда, той өткөрүүдө, юбилейлерде ж.б. мааракелерде конверт жыйноо азыркы кыйын кезде да салтка айланып келатканы кыргыз элинин маданиятын жакшы жолго баштай турган Маданият, маалымат жана туризм министрлигин, жалпы коомчулукту качан ойлондурары күмөн бойдон турат.

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 55 − = 47

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: