Кечээ, 10-сентябрь күнү Чүй облусунун Жайыл районунда саат 12:25де Орто-Суу айылында айдоочу Ниссан-Сефиро унаасынын рулун башкаралбай, жолдон чыгып бакты сүзгөн. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Кырсыктын кесепетинен (2003-ж.т. К.Т. жана 2012-ж.т. А.А.) аттуу жаш балдар каза болгон жана (2002-ж.т. А. уулу А.) жабыркап Жайыл райондук ооруканасына жеткирилген.
КР ӨКМнин №22 АӨКБ куткаруучулар каза болгондорду унаадан чыгарып ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ