Menu

2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү чогулушту. Эмнеге?

Бөлүшүү:

Кечээ 2010-жылы 7-апрель революциясынан кийин мамлекетти башкарышкан Убактылуу өкмөттүн бир топ мүчөлөрү Бишкектин ресторандарынын биринде чогулушуп, чайлашканы маалым болду. Бул маалыматты ЖМКлардын бирине ошол кездеги Коргоо министри Исмаил Исаков тастыктаган. Бул чайлашууга экс-президент Роза Отунбаева, Өмүрбек Текебаев, Темир Сариев, Кеңешбек Дүйшөбаев, Азимбек Бекназаров, Кубатбек Байболов, Эльмира Ибраимова ж.б. келишкен. Бирок бул чогулушка КСДП фракциясынын лидери, бул саясатчылардын ошол кездеги үзөнгүлөшү Иса Өмүркулов келген эмес. Ал эми Атамбаевдин келбегенин айтпасак да билесиздер. Исаков бул чогулуунун биринчи максаты абактан чыккандарына аз эле болгон Текебаев менен Чотоновго учурашып, ден-соолугун суроо жана азыр эмне болуп жаткан билүү, пикирлешүү экенин айткан. Булардын ичинен бир топтору Текебаевге буга чейин эле жолугуп, учурашышканы маалым. Чынында Убактылуу өкмөтчүлөрдүн ич ара ынтымактары, катышы деле укмуш эмес. Күтүлбөгөн жерден минтип чайлашуу балким бекеринен эместир. Алдыда шайлоо. Анан калса, бийликтин жүргүзгөн саясатына нааразы болгондордун барган сайын катары калыңдап баратканы ачыктан-ачык байкалууда. Айтор, эмнеси болсо да баары бат эле ачыкка чыгат…

Булак: «Багыт»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 43 = 51

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: