Menu

ИИМ: Каныбек Абдырахманов бүт өмүрүн уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүүгө арнаган чебер адис

Бөлүшүү:

ИИМдин криминалдык милиция кызматынын орун басары, үчүнчү башкармалыктын башчысы кызматына (уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгы), милициянын подполковниги Каныбек Абдырахманов дайындалды. Айрым бир маалымат агенттиктеринде Каныбек Абдырахманов тууралуу такталбаган маалыматтар жарыяланып жатат. Ошол себептүү ИИМ кыскача маалыматын сиздер менен бөлүшөт.

Каныбек Абдырахманов ички иштер органдарынын катарына 1997-жылдын июлунан баштап кызмат өтөөгө киришкен. ИИМдин Академиясын аяктаган. 2004-жылдан тарта кылмыш иликтөө кызматында, 2011-жылдан бери Ысык-Көл областтык ички иштер башкармалыгынын уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүндө өзгөчө маанилүү иштер боюнча ыкчам кызматкери болуп иштеген, ал эми 2016-жылдан бери ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыктын бөлүмүнүн жетектеген. Өз ишинин адиси, кесипкөй, бир катар оор кылмыштардын жана резонанстуу кылмыштардын бетин ачкан. Бүт өмүрүн милицияга арнаган кадрдык офицер. Атасы да көп жылдар бою милицияда иштеген. Анын кызматтык ишмердүүлүгү, кесипкөйлүгү бүгүнкү ал дайындалган кызматка толугу менен жооп берет.
Эскерте кетсек, 2017-жылы ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын 3-башкармалыгынын (уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгы) алдындагы бөлүмдүн начальниги Каныбек Абдырахманов ак жеринен жасабаган кылмышы үчүн күнөөлөнгөн. 2017-жылдын 17-октябрынын түнүндө анын кол алдында иштеген ыкчам кызматкери С.К. улуттук коопсуздук кызматы тарабынан кармалган. Себеби, пара алуу фактысы боюнча түшкөн арыздардын негизинде аны кармоо иш-чараларын жүргүзүшкөн. Кол алдындагы кызматкер пара алуу жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу боюнча шектелип жаткандыктан анын жетекчиси К.Абдырахманов да тергөө процессинин жүрүшүндө чакырылган. Жагдай так жана толук териштирилбегендиктен кол алдындагы кызматкери менен кошо камалып кеткен.
Аталган жагдай кызмат абалынан пайдалануу жана пара талап кылуу менен кылмыш иши козголгон. Тинтүү иш-чараларынын жүрүшүндө К.Абдырахмановдун кызматтык кабинетинен, сейфинен жана жашаган үйүнөн да эч кандай далил буюмдарды таба алышкан эмес.

Тергөө аяктап соттук процесстердин жүрүшүндө Каныбек Абдырахмановдун аталган пара алуу жана кызмат абалынан пайдалануу кылмыштарына эч кандай тиешеси жана катыштыгы жок экендиги такталган. Ал эми кызмат абалынан пайдалануу, пара талап кылуу боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында С.Кдан тышкары башка үч кызматкердин Д.Д., У.Н. жана А.Кнын тиешеси бар экендиги аныкталган жана кармалып абакка жабылган болчу. Алардын айрымдарына сот өкүмү чыккан болсо, айрымдары боюнча ушул кезге чейин соттук териштирүүлөр жүрүүдө.

Ал эми Каныбек Абдырахмановдун аталган кылмыштарга эч кандай тиешеси жана катыштыгы жок экендигин Биринчи Май райондук соту, Бишкек шаардык соту жана Жогорку Сот да тактап, ал күнөөлөнгөн беренелер боюнча толугу менен акталган. Ошол себептүү Жогорку Соттун чечиминин негизинде ал кайрадан өз ордуна келип ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын 3-башкармалыгынын (уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү) бөлүмүнүн начальниги кызматында иштеп жаткан болчу. Анын кызматтык ишмердүүлүгү, кесипкөйлүүгү ИИМ жетекчилиги тарабынан көңүлгө алынып, учурда ээлеп турган кызматына дайындагандыгын расмий түрдө билдиребиз.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 59 + = 64

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: