Menu

Фото – Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев: “Айыл чарбасын каржылоо” программасын ишке ашыруу механизмдери жакшыртылышы керек”

Бөлүшүү:

«Айыл чарбасын каржылоо» программасын ишке ашыруу механизмдери жакшыртылышы керек. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер министри  Мухаммедкалый Абылгазиев кеңешмеде билдирди. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын басма сөз кызматы маалымдайт.

Өкмөт башчы белгилегендей, «Айыл чарбасын каржылоо» программасы аймактарды өнүктүрүү үчүн иштөөгө тийиш.

«Айыл чарбасын каржылоо» программасы боюнча алынган каражаттарды максатсыз пайдалануу учурлары бар. Мисалы, фермерлер породаларды жакшыртууга, малдын башын көбөйтүүгө же өсүмдүк өстүрүүнү өнүктүрүүгө насыя алышат. Бирок бул акчалар кийин башка максаттарда пайдаланылат. Бүгүн бир дагы тийиштүү мамлекеттик органдын бөлүнгөн каражаттар эмнеге жумшалары тууралуу конкреттүү маалыматы жок. Берилген насыялардын кайтарымдуулугуна гана эмес, аларды максаттуу пайдалууну жөнүндө тынчсыздануу керек», – деп баса көрсөттү Өкмөт башчы.

«Айыл чарбасын каржылоо» программасын өркүндөтүү үчүн жаңы долбоор иштелип чыккан. Анда эки категорияны киргизүү каралган. Бул «Айыл чарбасын каржылоо – фермер» категориясы, ал социалдык багытта болуп, майда бизнес үчүн күрөөсүз топтук насыяларды алууга арналат. Экинчи категория – «Айыл чарбасын каржылоо – кластер». Бул линия 10 млн сомго чейин алуу мүмкүндүгү менен аймактын кластердик потенциалын өнүктүрүүгө багытталган. Ошону менен бирге жаңы долбоорду каржылоонун модели дагы өзгөрөт.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 10 иш күнүнүн ичинде келечекке карата болжолдуу талдоосу менен долбоорду иштеп чыгууну жана тиешелүү токтом долбоорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына киргизүүнү тапшырды.

Мындан тышкары кеңешмеде адистештирилген насыялык-аманат мекемелери аркылуу турак жайга максаттуу топтоо механизмин иштеп жаткан  «Мамлекеттик ипотекалык компания» ачык акционердик коомунун ишмердүүлүгү талкууланды.

Муну менен бирге «Мамлекеттик ипотекалык компания»  ААКнын директору Эльмира Абжапарова, компания «Жеткиликтүү турак жай 2015-2020» программасынын алкагында эл аралык донорлорду ипотекалык насыялоого тартуу максатында иш алып барып жатканын билдирди.

Анын айтымында, бардык белгиленген пландарды жүзөгө ашырууда мамлекеттик колдоодон  көз карандысыздыктан чыгууга болот.

Маалымдама: «Айыл чарбасын каржылоо» программасы 7 жыл иштейт.

Бул убакыттын аралыгында 90 миң фермер жалпы суммасы 34 млрд сом болгон жеңилдетилген насыя алды. Жалпы насыянын көлөмүнүн 68% мал чарбачылыгына, 17% – кайра иштетүүгө, калган 15% – айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүгө багытталды. Ошол эле учурда кредиттик ресурстарга муктаждык көбөйүүдө, ал эми мамлекеттик банктар каржылоо долбоорлорун ишке ашырууда бардык керектөөнү жаба албай жатат. Мисалы, «Айыл Банк» ААКга 2019-жылы насыя алуу үчүн 10504 арыз келип түшкөн, анын 2409у гана жактырылган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 18 = 23

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: