Бүгүн, 11-сентябрда кримтөбөл Камчы Көлбаев Жайыл районунун милициясына суракка чакырылды. Бул тууралу Чүй облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.
“Азыркы күндө Жайыл райондук ички иштер бөлүмү КР Кылмыш-жаза кодексинин “Алдамчылык” беренеси боюнча кылмыш ишин иликтеп жатат. Аталган кылмыш ишинин айрым жагдайларын тактоо иретинде бүгүн, 11-сентябрда райондук милицияга 45 жаштагы Камчы Асанбек күбө катары чакырылды. Ал тергөө иш-чаралары аяктагандан кийин үйүнө коё берилди. Бул кылмыш иши боюнча сотко чейинки териштирүү иштери улантылууда”, – билдирет Чүй облустук милициясы.
Камчы Көлбаев 2016-жылы фамилиясын алмаштырып Камчы Асанбек деген жаңы фамилия менен паспорт алган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ