Дүйшөмбү, 9-сентябрь күнү Кыргыз Республикасынын Венгриядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Бакыт Джусупов Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин маалымат жана коммуникациялык технологиялар чѳйрѳсүнүн министрлеринин формалдуу эмес жолугушуусуна катышты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Аталган иш-чара Будапешт шаарында Венгриянын Ѳкмѳтүнүн жана ТМККнын Секретариатынын демилгеси менен Бүткүл дүйнѳлүк «ITU Telecom World» иш-чарасынын алкагында уюштурулду.
Жыйындын жүрүшүндѳ Элчи Б.Джусупов Кыргыз Республикасынын Президентинин «2019-жыл – Аймактарды ѳнүктүрүү жана ѳлкѳнү санариптештирүү жылы» тууралуу Жарлыгынын ишке ашыруудагы пландарында кѳрсѳтүлгѳн, ошондой эле Ѳкмѳттүн «Ишеним. Биримдик жана Жаратуу» программасында, Кыргыз Республикасынын 2018-2040-жылдардагы Улуттук стратегиясынын туруктуу ѳнүгүүсүндѳ кѳрсѳтүлгѳн санарип технологиялык ѳнүгүүсүнүн жетишкендиктери жана ѳлкѳнү санариптештирүү тууралуу, Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтү тарабынан иштелип чыккан чаралар жѳнүндѳ маалымат берди.
Тараптар Түрк кеңешинин алкагында санариптештирүү тармагында кызматташтыктын мүмкүн болгон багыттарын талкуулашты.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ