Menu

Эбептен себеп издеген “АШАчыларды” ким тыят?

Бөлүшүү:

Экс-президент А.Атамбаевдин таламын талашкан 1700 жарандын прокуратура органдарына кайрылып, бүгүнкү бийлик ээлерине, анын катарында ажо Сооронбай Жээнбековго карата мамлекеттик кылмыш жасагандыгы үчүн кылмыш ишин козгоо талабын койгону белгилүү болду. Кой-Таштагы дүрбөлөңдөн кийин атамбаевчилердин ушундай талап менен чыгууга моралдык укугу барбы өзү?

Кубанычбек Кадыров, экс-депутат: “Прокуратурага кайрылгандардын баары Атамбаевди толук колдооруна ишенбейм”

– Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана мыйзамына ылайык ар бир жаран арыз менен кайрылууга укуктуу. Прокуратурага кайрылгандардын баары Атамбаевди толук колдоруна ишенбейм. АШАнын жакындары эл-журттун башын айландырып жатат. Кыргыз эли АША жана анын жанындагылары мамлекетке абдан чоң зыян кылганын билишет. Бирок, чынын айтканда райондук, облустук жетекчилер жоопкерчиликти алгандан коркуп жатышат. Баары эле президентти карап отурушат. Элге тушундүруү иштери боюнча жергиликтүү бийлик өкүлдөрү иштебей жатат. Бүгүнкү күнү чынын айтыш керек, президенттен башка эч ким жоопкерчиликти алгысы келбей алаңдап жаткандай. Баарыбыз мамлекеттин бүтүндүгү, келечеги, өнүгүп-өсүшү, элибиздин ынтымагы, биримдиги үчүн президентибиздин саясатын колдошубуз керек.

Камила Талиева, экс-вице-премьер-министр: “Көктөн издегендери жерден табылып…”

– Алардын көктөн издегени жерден табылып, бийлик өзү да ошого шарт түзүп берип жаткандай жагдай түзүлүп турат. Мыйзамдар иштебейт, күч түзүмдөрүнүн абалы бештен белгилүү. Милициянын чыныгы жүзүн эл көрүп жатат. “Жалдагы” окуя буга күбө. Министр интригадан башы чыкпай, көралбастык менен алек.

Өлкөдө радикалдуу кадамдар жасалып, оң жакка өсүү, өзгөрүү жок.

Албетте, Атамбаевчи, Акаевчи, Бакиевчи деген ооруудан кетишибиз керек. Кой-Таш окуясында эбегейсиз чоң мыйзам бузуулар катталды, ага жооп берилиш керек.

Мыйзам иштебеген өлкөдө чындык да жок, иликтеө да мыйзамдуу болот дегендин өзү абсурд.

Бийлик тез арада чечкиндүү кадамдарга барбаса, албетте, мыйзам чегинде иш тутпаса, абалы күндөн-күнгө оорлошуп, келечеги бүдөмүк абалга түшүп турат.

Кабай Карабеков, экс-депутат: “ЭЭлдин башын айлантып, сууну булгап жатышат”

– Негизи ар бир адамдын кимдир бирөөгө кайрылганга укугу бар. Бирок, алардын андай талап менен чыкканга моралдык укугу жок болчу. Сыягы, элдин башын айлантып, сууну булгап жатышкан сыяктуу.

Абдрахман Маматалиев, экс-вице-премьер-министр: “Коргонуунун эн жакшы түрү чабуулга өтүү да…”

– Албетге, Кой-Таш окуясында жабыркаган кээ бир жарандар күч органдарынын иш-чарасын мыйзамсыз аракеттер катары баалап жатышат. Мындай абалдын күч алышына кээ бир күчтөрдүн учурдан пайдаланып, кырдаалды курчутууга кылып жаткан аракеттери да түрткү болушу мүмкүн. Бирок, тергөө иштери бир айдан ашык жүрүп жаткандыгын, атамбаевчилердин мыйзам бузуулары боюнча көптөгөн далилдүү фактылар жыйналгандыгын эске алганда, дүрбөлөңчүлөрдүн бул талаптары ишке ашпай тургандыгы белгилүү.

Мүмкүн, коргонуунун эң жакшы түрү чабуулга өтүү дегендей ушинтип коргонуп жатышкандыр…

Бейшен Абдрасаков, экс-депутат: “Алар кек сактап, өч алуу жолдорун издеп жатышат”

– Биз баарыбыз укуктук мамлекетте жашаганды үйрөнүшүбүз керек. Бардыгы мыйзам талаасында, мыйзамдын негизинде болуш керек. Ким болбосун мыйзамдын астында кылган иши үчүн жооп бериши керек. Убагында Акаевди, Бакиевди коргогондор болгон, азыр уялып жүрүшөт, убакыттын өтүшү менен бүгүн Атамбаевди коргоп жүргөндөр да уялып калышат. Туура эмес кылышканын түшүнүшөт. Азыр түшүнүшө элек, эйфориядан чыга элек, ич күйдү болуп жатат. Алар кек сактап, өч алуу жолдорун издеп жатышат. Бул күндөр да өтөт. Баардыгы өз ордуна келет. Жаран катары арыз жаза беришсин, бирок кайсы мыйзам бузулду аны далилдеп, тактап беришсе болмок. Арызды жалпы жонунан жазган туура эмес. Фактылар менен жазыш керек. 5 жыл сайын ыңкылап кылып жатып, элди мыйзам жолуна түшүрүү кыйын болуп калды. Жоопкерчилик жоголуп баратат.

Калдарбек Койлубайтегин, акын, жуналист: “Катты “кой-таштыктар жазды” дегендин өзү жомок”

– “Таяктын эки учу бар” дегендей, моралдык жактан укугу жок, бирок юридикалык жактан укугу бар. Бул катта жанагы бала көчөнүн эки тараптуу кыймылы бардыгын таптакыр эле унутуп, кошоматчылыктын тереңине кирип кеткендей. Биринчиден, катты “кой-таштыктар жазды” дегендин өзү жомок. Эл жазбайт. Аны уюштурушат дайыма. Мейли, укук коргоо аталыктары уруп-согушуптур, бирок мындай жагдайды ким жаратты, “эмне үчүн милиция аларга барды?”- деген собол бар да, тигил бала унутуп калган. Ташты түшүрүп, баррикада орнотуп, элди чогултуп, бир сөз менен бул кезектеги аксак жүрүш «реванш» алуу үчүн эле жасалып жаткан иш. Сот башкача караса деле кылмыш ишин экинчи тарапка козгоп коюшу мүмкүн. Ансыз деле козголуп жатпайбы. Эми чагым үчүн ушул ыйлаак балага козгоп койсо болот. Тынч жаткан элди козутуу дегени да бар.

Уран Рыскулов, коомдук ишмер: “Ушул операцияга уруксат берген чиновниктер сөзсүз кылмыш жообуна тартылыш керек”

– Кой-Таштагы окуя Атамбаевге гана тиешелүү эмес. Ал окуядан Кой-Таш эли көп жабыркады. Алардын талабы туура деп эсептейм. Ушул операцияга уруксат берген чиновниктер сөзсүз кылмыш жообуна тартылыш керек. Бул бийликте болбосо дагы, кийинки бийликте бул кылмыштуу иш өз баасын алат. Анткени, Атамбаевди кармагылары келсе, бүткүл айылды дүрбөлөңгө салбай кармашса болмок. Анын жолдору миллион экенин атайын кызматтын өкүлдөрү жакшы билишет.

Айбек Мырза, активист: “Атамбаевчилердин бийликке бир тараптуу күнөөнү оодара салганы туура эмес”

– Менин оюмча, бул аша чапкандык. Атамбаевдин тарапташтарынын “Сооронбай Жээнбеков да камалсын” деп чыкканга укугу жок. Атамбаевчилер өздөрү бардык нерсени кылып коюп, бийликке бир тараптуу күнөөнү оодара салганы туура эмес. Бирок, бул жерде эки тараптын тең күнөөсү бар. Анткени, мыйзамсыздыкты баштаган Атамбаев тарап. Ал эми ошол мыйзамсыздыкка жол берген, эки-үч ай убакыт берген бийлик болду. Бийлик дагы Кой-Таштагы окуяны иликтеген мамлекеттик комиссия түзгөндө калыстык кылып, мүмкүн Атамбаевдин тарапташтарын комиссиянын курамына кошуп коюшу керек эле. Биз ойлогондой мамлекеттик комиссия түзүлбөгөндүктөн коомдук жана мекенчил күчтөр бирдикте курултайдын аткаруу комитети менен коомдук комиссия түзүү чечимин кабыл алып, калыс эксперттерди жана адистерди кошуп жатабыз.

Төлөгөн Келдибаев, “Кыргыз ата” партиясынын лидери: “Эртеби, кечпи Кой-Таштагы окуялардын мыйзамдуулугуна карата укуктук жактан баа берилет”

– Кой-Таштагы окуяга бийлик Атамбаевди жана тарапташтырын күнөөлөп жатат. Ал эми Атамбаевдин жактоочулары болсо бийлик башында турган Жээнбековду жана күч органдардын башчыларын мыйзамсыз аракеттери жүргүздү деген тыянак менен башкы прокуратурага кайрылганы мыйзам ченемдүү эле иш. Эртеби, кечпи Кой-Таштагы окуялардын мыйзамдуулугуна карата укуктук жактан баа берилет.

Чынайым Кутманалиева

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: