Menu

Япондун акчасын жеп алган Эмилканова 5 жылга шарттуу кесилген

Бөлүшүү:

Жапониянын Кыргызстандагы жараны Матсуда Шинжи президент Сооронбай Жээнбековго үчүнчү ирет арыз менен кайрылып олтурат. Бул тууралуу жапон жаранынын мыйзамдуу өкүлү Жамиля Казиева билдирди. Матсуда кайрымдуулукка берген акчаны Элнура Эмилканова жеп алган. Биринчи Май райсоту Эмилканованы беш жылга шарттуу түрдө кесип, 6 миллион 740 миң сом айып пул төлөөгө милдеттендирген. Бул жумшак чечимге Матсуда макул эмес. Мындан тышкары, Эмилканова батирди оңдоого, керектүү жабдууларга деген негиз менен 3010 (үч миң он) АКШ долларын да алган. Мындан соң Матсуда “соттор калыс чечим чыгарбай жатат” деп Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековго ачык кат жазып, жардам сураган. Бул кайрылууну Коопсуздук кеңеши текшерип, жапон жаранынын жүйөсү мыйзамдуу экенин билдирген. Элнура Эмилканова жапониялыктын арызы тууралуу комментарий бербей келет.

Булак: «Багыт»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 23 = 24

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: