Menu

Элдик курултайдын Кой-Таштагы окуялар боюнча коомдук комиссиясын “Ак Калпактын” лидери Улукбек Маматаев жетектейт

Бөлүшүү:

Кыргызстандагы Улуттук мекенчил күчтөрдүн биримдиги жыл аягына чейинки иш-чараларын аныктады. Жума башында Кыргызстандагы Улуттук-мекенчил күчтөрдүн биримдигинин Аткаруу комитетинин кезектеги кеңешмеси болуп өтүп 2019-жылды аягына чейинки жасалчу иштер аныкталды.

Ага ылайык:

Биринчиден, буга чейин маалым болгондой, Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча Референдум өткөрүү боюнча элдик демилге менен 12 миң 700 адамдын колу Жогорку Кеңешке тапшырылган. Бул маселени аягына чыгуу максатында 5 адамдан турган Аткаруу Комитетинин өкүлдөрү Жогорку Кеңештин спикери Д.Жумабеков менен иш алып барышат;

Экинчиден, жалпы кыргыз журтчулугун бушайманга салган 2019-жылды 7-8-вгустундагы Кой-Таш окуясына саясий-юридикалык баа берүү боюнча Коомдук комиссия түзүү демилгеленди. Анын катарына элге төбөсү көрүнгөн аттуу-баштуу адамдар тартылат. “Кой-Таштагы трагедиялуу окуялар учурунда атайын кызматтын бир кызматкери каза таап, бир топ карапайым адамдар жаракат алышты. Бийлик түзгөн комиссияга ишеним жок, анткени, алар өздөрүнө ыңгайлуу чечим чыгарышат. Ошондуктан, жалпы эл ишенген коомдук комиссия түзүү зарылчылыгы түзүлдү. Атайын чечим кабыл алдык. Буюрса, комиссиянын курамы аныкталгандан кийин, бул багытта жигердүү иш башталат”, – дейт Элдик курултайдын Кой-Таштагы окуялар боюнча коомдук комиссиясынын бекитилген төрагасы -“Ак Калпак” саясий партиясынын лидери Улукбек Маматаев.

Үчүнчүдөн, 2019-жылдын 1-октябрь күнү “Жерүй” маселеси боюнча Таласта уюштурулуп жаткан Элдик Жыйын колдоого алынды. Анда алтын кенинин тагдыры талкууга алынып, бир жаңсыл болору айтылууда.

Төртүнчүдөн, кезектеги Элдик курултай 24-ноябрдан кечиктирилбей өткөрүлөт, буга байланыштуу Аткаруу комитетине тапшырмалар берилди.

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 46 + = 50

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: