Menu

Аида Исмаилова, ЖК депутаты: “Мектептердин курулушунда бюджеттик каражаттар ырааттуу пайдаланылбай жатат. Буга Жети-Өгүздөгү Богатыревка айылындагы мектеп ачык мисал”

Бөлүшүү:

Бүгүн, 12-сентябрда Жогорку Кеӊештин жыйынындагы «Ар кыл маселелер» саатында мектеп көйгөйлөрү айтылды. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин басма сөз кызматы билдирди.

Депутат Аида Исамилова мектептердин курулушунда бюджеттик каражаттар ырааттуу пайдаланылбай жаткандыгын айтып, ага мисал катары Жети-Өгүз районундагы Богатыревка айылындагы мектепти мисалга тартты. «Бул мектептин курулушу жаӊы эле бүткөнү менен пайдубалы упурап, цемент колдонулбагандай. Мындай мисалдар өлкө аймагы боюнча ондоп саналат».- дейт эл өкүлү.

Депутат Аида Касымалиева Өзгөн районундагы Жалпак-Таш айыл аймагындагы эки мектеп өз маалында ашар жолу менен салынгандыгын, бүгүнкү күндө сейсмологиялык ченемдерге жооп бербей, коркунучтуу абалга кептелгендигин, бул боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин окуу жүргүзү болбостугу боюнча тыянак чыгаргандыгын ортого салды. «Кечээ эле Нарындагы Кеӊеш айылынын авариялык мектеби көтөрүлдү. Дегеле авариялык абалдагы мектептердин маселесин тез арада чечип беришибиз керек»,- дейт А.Касымалиева.

Депутат Зиядин Жамалдинов бүгүнкү күндө жер-жерлерде бала бакчаларды жеке жактар куруп берип жатышканы менен анда иштөөчү тарбиячы, ашпозчу жана башка кызматкерлердин айлык акы маселеси чечилбей, бала бакчалар ишке кирбей тургандыгын айтып чыкты. Депутат мындай бала бакчаларды республикалык бюджетке өткөрүп берүү сунушун Өкмөткө багыттады.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 38 − 35 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: