Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өзүнүн төрагалыгы алдында өткөн Антикоррупциялык кеңештин жаңы курамдагы жыйынында «Коопсуз шаар» долбоорунун биринчи баскычынын алкагында, адамдын жүзүн таануу функциясы менен 800дөн ашуун видеобайкоо камералары орнотулганын билдирди.
Анын айтымында, Бишкекте аппараттык-программалык комплекстер жайгашкан көчө тилкелеринде жол кырсыктары 46,9% азайганы байкалды.Өкмөттүн алдындагы Антикоррупциялык кеңештин жыйынында мындан башка дагы маселелер каралды.
«Коопсуз шаар» долбоору Бишкекте быйыл 12-февралда ишке кирген. Анын алкагында жолдорго, көчөлөргө видеокамералар орнотулууда. Долбоорду орусиялык «Вега» концерни ишке ашырып жатат.
Булак:KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ