Menu

Бабанов дух алып, “камалбайм” деп коркпой калыптыр

Бөлүшүү:

Үстүнөн сегиз кылмыш иши козголгон Өмүрбек Бабанов башында көздөрү алаңдап, коркуп аткан болсо, учурда кайдан-жайдан дух алганы, “мени камай албайт” деп баатырга айланып баратканында эмне сыр бар? Биринчиден, Кремль дем бериши мүмкүн. Экинчиден, Бабанов Кыргызстандагы  саясый кырдаалды анализдеп, Алмазбек Атамбаев камалгандан кийин эл арасында кайсы бир деңгээлде ажырым кеткенин туюп, бийликтин алсыздыгына текеберленип, о.э. өзүнүн 600 миңдей шайлоочусуна жана миллиондоруна ишенип атса керек. Эгерде көздөрү алайып корко берсе, рейтинги түшүп кетерин билет. Андыктаң, жалгандан өпкө чапса дагы арстанга айланып, саясаттан да тартынбай сүйлөп, Өмүрбек Текебаев жөнүндө пикирин айтып, колдоп өзүнүн таасирин арттыра баштаганы байкалды. Жакында “Республика” партиясынын съездин өткөрүп, бийликке сес көрсөтүү жагынан кадам таштай турганы тар чөйрөдө талкуу жаратты. Сыягы, Бабанов азыркы бийликтин баш оорусуна айланып, кыйла туруштук берсе, аягы кандай болот? Ал кокус камакка алынса эл көтөрүлөрүн сезип, ошого корстон болуп аткандай. Мындай түр менен партиялык ишмердигин күчөтсө, 2020-жылдагы парламенттик шайлоодо «Республика» марага биринчи болуп келери шексиз. Ошентип, бийлик бир жылдан кийин Бабановдун колуна өтүп кетсе таңгалбай эле койгула. Жабыркап турган саясатчыны эл колдоп кетерине далай ирет күбө болбодук беле?.

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 32 + = 41

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: