“Елгезит” деген сайтты иштетип аткан Каныбек Жороев убагында Бакиевдердин “балтасын” ченебей чаап, акыры төңкөрүштөн кийин кылган иштери үчүн түрмөгө жатып чыккан. Айрымдар Жороевди уюштургуч, саясатка анализ жасоо жагынан мактап калышат. Бирок, андай кыйын болсо канкор Бакиевдерди аңга түртөт беле? Акылды тетири айландырган жагынан кыйын окшобойбу? Иш жүзүндөгү “Елгезитин” карап көрсөк, маал-маалы менен Райым Матраимовго ыксыз эле асылган материалдарды жарнамалаганы, жаманатты кылууга жандалбасташканы кандай? Орто жерден басыгы “шектүү” Ширин Айтматованы чиркештире салышып, анын оозу менен Райым мырзаны жасалма негизде шыбашат! Же жарашса бир жөн. Тек гана жумурткадан кыр издешип, “елгезитчилер” эрегишип отурушса, аягы жакшылык менен бүтпөйт эй!
Булак: «Азия ньюс»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ