Ооба, ИИМ жетекчилигине татыктуулардын сап башында полковник Жоробеков турат. Айныксыз чындык! Себеби, Жеңиш мырза 25 жылдан бери аталган системада кайнап келатат. Ал Түркиядан милициянын жогорку академиясын бүтүп келгенден кийин участковыйдан баштап, опер болуп, анан ырааты менен карьералык тепкичтерди багындырып отурду. Бишкек шаарында, Чүй облусунда бир катар жетекчилик кызматтарды аркалап, үзүрлүү эмгектенген. Кийин шарты катаал Тогуз-Торо РИИБсин төрт жыл башкарды. Андан соң Жалал-Абад ОИИБсин төрт жыл жетектеп, Каракол ШИИБсине да начальник болду. Баардык жерде эл менен тыгыз иштеп, милициянын кадыр-баркын көтөрүүдө үлкөн салымдарды кошкону талашсыз. Географиялык жагынан эске алганыбызда дагы, Жоробеков баардык региондорду жакшы билери маанилүү көрсөткүч. Учурда ИИМдин 10-башкармалыгын жетектеп, Кыргызстандын булуң-бурчтарындагы көйгөйлөрдү изилдеп, кыйын шарттан кантип чыгууну эчак эле анализдеп койгон. Билимин, тажрыйбасын мамлекет үчүн арнап келген мекенчил кадр. Тилекке каршы, ИИМдеги айрым «крысалар» интригасын токтотушпай, Жоробековду арттан жамандашып, күнү-түнү бут тосууга далалат кылып келишет. Министр Кашкар Жунушалиев да Жеңиш мырзанын караңгыдан көз тапкан иштермандыгын, төгөрөгү төп келген профессионалдуулугун көрө албай, ар кандай кысымдарды жасап келгени жалганбы? Мындай кадрдын жолун тоспой кубаттаса болбойт беле? Көрсө, кызганыч, кекчилдик кимдин ким экенин көрсөтүп коёт тура. Бирок, бул күндөр да өтөт. Алтынды дат баспаган сымал, биздин каарманыбыз акыры топту жарып чыгары талашсыз. Ага кичине убакыт гана керек. Учурда Кашкар Жунушалиевдин ээрден көчүгү тая баштаганы баарына эле байкалып калды, иштей албай ИИМди «ириткенин» кантип танабыз? Мындай шартта полковник Жеңиш Жоробеков министр болсо, анда мамлекет гана утмак! Алгылыктуу өзгөрүүлөр башталмак…
Сакен Бөрүбаев
Булак: «Азия ньюс»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ