Menu

Турсунбек Акун, экс-акыйкатчы: “Атамбаевди колго түшүрүү операциясында Курсан Асанов өзүнө бөлүнгөн постту таштап, министрдин башын аттап кетиптир”

Бөлүшүү:

– Турсунбек мырза, Алмазбек Атамбаевди колго түшүрүүгө аракет кылган күндөр Кыргызстандын тарыхында кандай окуялардын катарына кирип калат?

– 7-8-августтагы болгон окуя Кыргызстандын тарыхындагы кайгылуу окуялардын бири катары айтсак болот. Анткени, Атамбаевди колго түшүрүү операциясында “Альфанын” бир жигитине ок тийип каза болду. Ал эле эмес, Чүй ОИИБсинин башчысы Самат Курманкулов ошондон бери өзүнө келе албай Москвада ооруканада жатат. Ошондой эле 100дөн ашык адам жарат алды. Кыскасы, Атамбаевди колго түшүрүү операциясында бир канча үй-бүлө сыздап калды. Атамбаев үч жолку суракка өз каалоосу менен келип, министрдин орун басары барганда эле тергөөгө келип койгондо, мындай
трагедиялуу окуялар болмок эмес. Атамбаевге да мынча доомат коюлмак эмес.

– Атамбаевди кармоо операциясын уюштурууда, аны ишке ашырган генералдар тарабынан катачылыкка жол берилгенби, же ал окуянын орун алышына бир эле Атамбаев күнөөлүүбү?

– ИИМ, УКМК бирдикте уюштуруп, кармашып, чырдашып жаткан генералдар тарабынан ишке ашкан операцияда чыны менен катачылыкка жол берилген. Генералдардын катачылыгын коопсуздук кеңешинин жыйынында президент да сынга алып, катуу айтты. Негизи аталган операцияда көп нерселер эске алынбай, начар уюшулгандыктан, эки тараптан тең күнөө кетти. Өлүм болуп, жабыркагандар болду. Ага жалгыз эле Атамбаев же бийлик күнөөлүү эмес. Күнөө эки тараптан бирдей кетти.

– Баса, ошол операцияда Курсан Асанов Атамбаевди колго түшүрүүдө баатырдай таасир калтырып, эртеси күнү эле чыккынчыдай кабылданып калды го? Бул жерде көралбастык орун алдыбы, же Асанов чындап эле өз кызыкчылыгын жогору коюп, калпыстыкка жол бердиби?

– Мен Курсан Асанов жөнүндө алгач жакшы пикиримди билдиргем. Аны мен Ош окуясынан бери билчүмүн. “Ишин сүйгөн адам” деп ойлочумун. Бирок, эки-үч күн мурун ал неге айыпталып жатканы боюнча ИИМден толук маалымат алдым. Эмнеге чыккынчыдай айыпталып жатканынын себебин билүүгө аракет кылдым. Көрсө, Курсан Асанов Атамбаевди колго түшүрүү операциясында өзүнө бөлүнгөн постту таштап, министрдин башын аттаптыр.

– Атамбаев менен Курсан Асанов эмес, алгач Кашкар Жунушалиев сүйлөшүптүрбү?

– ИИМдин берген маалыматы боюнча Курсандын алдында эле Кашкар Жунушалиев Атамбаевге бир эмес, эки жолу кирип, “өз каалооңуз менен мынча убакытта колго түшүп бербесеңиз, көздөн жаш агызчу газ коё бергенге аргасыз болобуз. Анткени, башта жөн эле күбө катары суракка чакырылып жаткан болсоңуз, азыр адам өлтүргүч болуп жатасыз. Азыр тарапташтарыңыз жок. Ирина Карамушкина, Кундуз Жолдубаевага окшогон санаалаштарыңыздын убалына калбай өзүңүз эле колго түшүп бериңиз” дептир. Атамбаев “ойлонуп көрөм”  деп көнбөй койгон экен. “Ойлонгонго көп убакыт бере албайм” деп эшикке чыгар замат үчүнчү планда тылды карап турган Курсан Асанов министрдин башын аттап, ойдо жок жерден ичине кирип, Атамбаевди колго түшүргөн кишидей болуп көрүнө калыптыр. Азыр бул окуя боюнча Атамбаевдин телефону текшерилип, Курсан менен канчада канча жолу сүйлөшкөнү такталып жатыптыр. ИИМдин берген маалыматы боюнча мына ошол жерден Асанов чекиликке жол берип, куралдарды да өзү өткөрүп, туура эмес кылыптыр. Чынында куралдарды Асанов эмес, башка адистер өткөрүп алышы керек экен. Курсан Асанов Алмазбек Атамбаев менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө, аны кармоого жана кандайдыр бир далил буюмдарды алууга ыйгарым укугу болбогон экен. Анткени, мурдагы орун басар сүйлөшүү жүргүзүү, фиксирлөө жана далилдерди алууда, шектүүнү кармоо жана аны тергөө кызматына жөнөтүүдө баардык процедураларды бузуп, акылга сыйбаган ишке жол бериптир. Кыскасы, Курсан Асанов өзүнүн аракеттери менен Атамбаевдин жактоочуларына бар далилдерди жокко чыгарууга мүмкүнчүлүк бериптир. Ал куралдарга өзүнүн колунун изин түшүрүп, милиция кызматкеринин колу менен уникалдуу кырдаал жаратыптыр. Башкача айтканда, кылмыштын курамы бар, өлгөн жана жарадар адамдар бар, шектүү, уюштуруучу жана аткаруучулар бар, бирок кылмышкер жок болуп калган жагдайды түзүптүр.

– Эгер сиз айткан маалымат чын болсо, Атамбаев менен Кашкар Жунушалиевдин сүйлөшкөнү чын болсо, Курсан Асанов ал жерге кандай максат менен барып калышы мүмкүн?

– Сыягы, Атамбаев министрге колго түшүп бергенден арданып, жакшы санаалашы Курсан Асановду чакырып, “сага колго түшүп бергендей бололу” деп көндүргөн окшойт. Ушундай варианттар да айтылып жатат. Өзү да “бийлик алмашып кетсе, министр болуп калайын” деп ойлоп, ошондой тобокелдикке барганбы (?) деп ойлойм. Болбосо, министрдин башын аттап, өзүнө бөлүнген постту таштап кетпейт эле.

– Баштык боюнча не дейсиз?

– Азыр тергөө жүрүп жатат. Тергөөнүн жыйынтыгы менен аныгы билинет го…

Бекбол Айдаров

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 79 + = 89

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: