Menu

Фото – Министр Кашкар Жунушалиев Ирандын ички иштер министри Абдолреза Рахмани Фазли менен жолукту

Бөлүшүү:

Бүгүн, 12-сентябрь күнү Иран Ислам Республикасынын ички иштер министри Абдолреза Рахмани Фазли Кыргыз Республикасына расмий иш-сапары менен келди. “Манас” эл аралык аэропортунда аны Кыргыз Республикасынын ички иштер министри, милициянын генерал-майору Кашкар Джунушалиев жеке өзү тосуп алды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Бүгүн Кыргыз Республикасынын ички иштер министри, милициянын генерал-майору Кашкар Джунушалиев менен Иран Ислам Республикасынын ички иштер министри Абдолреза Рахмани Фазлинин эки тараптуу жолугушуулары өттү. Аталган жолугушуунун алкагында эки тараптуу кызматташуу маселелери менен аны мындан ары өнүктүрүүнүн жолдору талкууланды. Андан сырткары, эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүүнү улантуу менен кеңейтүү зарылдыгы бар экендиги айтылды. Тараптар кылмыштуулук менен күрөшүүдөгү маанилүү маселелер боюнча бирдиктүү чечимдин маанилүүлүгүн белгилешти.

Жолугушуу учурунда Кашкар Джунушалиев укук коргоо чөйрөсүндө натыйжалуу эл аралык кызматташууну түзүүдө манилүү тапшырмалардан болуп, терроризм менен экстремизмге каршы аракеттенүү, уюшкан кылмыштуулук, терроризм жана экстремизм, адам сатуу, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү менен күрөшүү боюнча иштер эсептелерин билдирди. Ал өлкөлөр ортосундагы коопсуздук жана укук коргоо чөйрөсүндө эки тараптуу кызматташууну бекемдөө керектигин баса белгиледи. Кыргызстандын ИИМ башчысы өлкөлөр ортосундагы коопсуздук жана укук коргоо ишмердиги чөйрөсүндө кызматташууну бекемдөө керектигин айтты.

Жолугушуунун аягында Кыргыз Республикасынын ички иштер министри Кашкар Джунушалиев менен Иран Ислам Республикасынын ички иштер министри Абдолреза Рахмани Фазли өлкөлөр ортосунда коопсуздук жана укук коргоо ишмердиги чөйрөсүндө кызматташуу, терроризм менен экстремизмге каршы аракеттенүү, уюшкан кылмыштуулук, терроризм жана экстремизм, адам сатуу, баңгизаттарды жана акыл-эске таасир этүүчү каражаттарды мыйзамсыз жүгүртүү менен күрөшүү чөйрөсүндөгү кызматташууну, анын ичинен БУУнун баңги каражаттар жөнүндө Бирдиктүү конвенциясынын алкагындагы кызматташууну өнүктүрүү жөнүндө макулдашууга кол коюшту. Ал эми, жолугушуу жылуу жана достук маанайда өттү. Тараптар мындан аркы кызматашууну уланта турушканын билдиришти.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 87 − = 81

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: