Menu

Рыскелди Момбеков, ЖК депутаты: “Текебаев – кыргыз тарыхындагы эң көрүнүктүү саясатчы”

Бөлүшүү:

– Рыскелди мырза, Кумтөр боюнча жаңы келишим тууралуу өкмөттүн маалыматын уктуңуздар. 16 миң гектар жердин берилишин Абылгазиев кандай түшүндүрдү?

– Кумтөр менен болгон жаңы келишим кандай келишим экени ачыкка чыгып эле калды. Бирок, ошону дагы ачыкка чыгарбаганга аткаруу бийлиги тарабынан абдан аракеттер болуп атат. Маселе мындай да, 2009-жылы Курманбек Салиевичтин убагында 26 миң гектар жер берилген. 2012-жылы Бабанов премьер болуп турганда, анын 16 миңи корукка кирет. Мындайча айтканда, «жер кодексине карама-каршы келет, өкмөттүн токтому мыйзамсыз» деп, 2009-жылдагы Чудиновдун өкмөтүнүн токтомун жокко чыгарып, жаңы чечим кабыл алышкан. Аг ылайык, 16 миң гектар жер мамлекеттин менчигине өткөн болчу. Бүгүн эми «ошонун 16 миң гектарын 2009-жылкы өкмөттүн келишиминин негизинде кайрадан биз бердик деп “Кыргызалтындын” башчысы айтып атса, өкмөт башчынын биринчи орун басары Кубатбек Боронов «биз бир да гектар жер берген жокпуз» дейт. Анда Бабановдун жокко чыгарган токтому эмне болуп калды? Анан мен Алтынай Өмүрбековага суроо бердим. «Өкмөт 6 айлык отчетунда бюджеттин киреше бөлүгүн аткарган жок. Бажы салыгын, салыктын да планы толгон жок. Мындайча айтканда, бюджетте артка кетүү бар, чоң карыз менен чыгып атасыңар, анан мугалимдердин айлыгын көтөргөнгө акчаны кайдан таптыңар? Балким, Кумтөргө 16 миң гектар жерди берип, соодалаштыңар?” десем, «жок, бюджеттин кирешесинен таптык» дейт. Бюджеттин киреше бөлүгүндө эч балээ жок болуп атса, мугалимдердин айлыгына кайдан табышты чын эле? Бул коомчулук тарабынан чоң күмөн саноону жаратып жатат. Эксперттер дагы «Кыргызстанда экологиялык коопсуздугунан экономикалык коопсуздукту жогору коюп туруп, «кийинки урпакартэмне болсо ошо болсун! Мөңгү, суу эмне болсо ошо болсун!» деп экономикалык коопсуздукгу камсыздаган кадамга бардык” деп айтып атышат. Бирок, муну өкмөт эмнегедир ачыкталбай келет. Мен Кумтөр боюнча өкмөттүн акыркы чечимине каршымын. Ырас, 2012-жылы Бабановдун өкмөтү ал келишимди жокко чыгаргандан кийин Абылгазиев кайра Кумтөргө берип атканы туура эмес.

– Өмүрбек Текебаев сиз тууралуу саясый ишмердигиңизге баа берип, мактаганы тууралуу интернетте талкуу болуп жатат. Эмне айта аласыз бул боюнча?

– Өмүрбек Чиркешович Текебаев – кааласак-каалабасак да кыргыз тарыхындагы эң көрүнүктүү саясатчы. Ал киши менин саясый ишмердигиме баа берип жатса, мен башымды ийип, рахмат айтам. Ал киши абакта отуруп, менин депутаттык ишмердигиме, коомчулуктун мени колдоп жатканынын баарын анализдеп туруп айтса, анда мен ишенем. Мен деле эл менен көп жүрөм. Менин ишимди эл канчалык деңгээлде баалап жатканына анализ кылып жүрөм. Алмамбет Шыкмаматов, Жанар Акаев дагы Текебаев менен тез-тез байланышып, барып атышпайбы. Алар деле айтып калышат, «ал киши сенин ишмердигиңди баалайт, көзгө көрүнө турган иштерди жасап, сүйлөгөн сөздөрү, көтөргөн маселелеринин баары актуалдуу» дешип. Айтканын жеткизишип. Ыраазымын.

– КСДПнын Атамбаевчи тарабы башкы прокурордун, УКМК, ИИМ башчыларынын отставкасын талап кылып чыгышты. Алардын талабы негиздүү деп ойлойсузбу?

– Таяктын эки учу болгондой эле, баардык нерсенин эки тарабы болот. Бул ишти дагы эки тараптан тең иликтеш керек. Алардын айткандарында деле негиз бар. Дегеле, Кой-Ташта бир гана ИИМдин балдары эмес, карапайым эл да жабыркаган. Башкы прокуратура бир тараптыкын эле эмес, алардын да укугун коргош керек. Кой-Таштагы маселе боюнча азыр деле, кийин деле чындык ачыкка чыкпайт. Буга көзүм жетип турат. Буга тарых өз баасын берет. Азыр өкмөттүк да, мамлекеттик да комиссиялар түзүлүп жатат, барып-барып, кийин баары ачыкталат, азыр эмес.

– 21-сентябрда Таластагы «Манас Ордо» комплексинде Көчмөндөр оюндары өткөрүлгөнү турат. Иш-чараны уюштуруу кимге жүктөлгөн жана мунун зарылдыгы барбы?

– Улуттук, мамлекеттик, өкмөттүк деңгээлде Көчмөндөр оюну өткөрүлгөнү жатат. Бул өкмөттүн программасындагы негизги иш-чара. «Ар бир облуста өткөрөбүз» деп алышкан. Бирок, муну өкмөт жергиликтүү элдин каражатына таянбай, өз каражаты менен төкөрүшү керек болчу. Бөлүнгөн акчанын көлөмү ачыкка чыккан жок. Экономикалык тартыштык болуп жаткан маалда ушудай оюндун кереги бар беле? Мен ушуга таңмын. Бүткүл дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары туризмди өнүктүрүүгө салым кошот. Ал эми улуттук Көчмөндөр оюндарынын кереги не? Баарынан да таңгалганым, өкмөт Таласта Көчмөндөр оюндарьш өткөргөнчө, Сүймөнкул Чокморовдун 80 жылдыгын, Турдакун Усубалиевдин 100 жылдык мааракелерин өткөрүп албайбы? «Кыргыз өңү Чокморовдун өңүндөй» дейбиз. Эң чоң акча бирдигибизде ал кишинин сүрөтү турат. Анын мааракесине ошол акчанын өзү белүнгөн жок. Абдан уят иш. Бул өкмөттүн өксүгү, аткаруу бийлигинин өлүмтүгү. Башка эч нерсе айта албайм.

Динар Турдугулова

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 70 − = 67

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: