Menu

Алтынбек Шербахунов, Талас ОИИБнын ардагер подполковниги: “Курсан Асанов милициянын тартиптик Уставын жана ИИОнын жобосун бузуп, министрдин көрсөтмөсүн аткарбай өзүм билемдикке барган”

Бөлүшүү:

Кайсыл гана бийлик болбосун, милицияны элге каршы коюп келген. Элдин селдей агымын токтоткон да милиция, элден таяк жеген да милиция, кайра эле элге жардамга келген да милиция кызматкерлери. Муну коомубуз элдик эки революциядан кийин жакшы билип калды. 2019- жылдын 7-8-август кундөрү Кой-Таштагы экс- президент А.Атамбаевди тергөөнүн сурагына алып келиш үчүн күч түзүмдөрү тарабынан жасалган аракетте улуттук коопсуздук кызматы алсыздык кылып, натыйжада бир кызматкер окко учуп, алты кызматкер Атамбаевдин жактоочуларына барымтага алынды. Мына ошондо министр Кашкар Джунушалиев баш болуп, элге каршы эмес, элди коргоо үчүн, мыйзамды одоно бузган куралчан зөөкүрлөргө карата чечкиндүү, ыкчам аракеттерди көрүп, натыйжада А.Атамбаевчылар куралсыздандырылды. Мурдагы президент
А.Атамбаев суракка алынып келинди.

Тилекке каршы 8-август күнү ИИМ министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун коомго жарыялангандай кызматтан алынышы бүткүл милициянын ишине көө жапкандай таасир калтырды. Мына ушул коопсуздук кызматы К.Асановдун кыймыл аракетин кылдат иликтеп, андан кийин гана өз баасын берип, корутунду чыгарыптыр. К.Асанов милициянын тартиптик Уставын жана ИИОнын Жобосун бузуп, министрдин көрсөтмөсүн аткарбай өзүм билемдикке барган. Натыйжада, милиция жөнүндө туура эмес пикирлерде болгон журналисттерге «жем ташталды». Милициянын аброюна доо кетти. Бирок, милиция баардык кыйынчылыктарга туруштук берип, элге кызмат кылып келген, кызмат кыла берет, элибиз милицияга ишенет. Бир Курсандын жоругу менен бардык милицияга сөз тийди, учурда экс-президент болобу, генерал болобу эгер кылмыш жасагандыгын аныкталса алар өзүлөрунүн жазасын мыйзам чегинде тартыш керек деген ойдомун.

Алтынбек Шербахунов, Талас ОИИБнын ардагер подполковниги

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 75 − 73 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: