Menu

Темирлан Султанбеков, КСДП мүчөсү: “Башкы прокуратуранын, УКМК жана ИИМдин мыйзамсыз аракеттери толуп кетти…”

Бөлүшүү:

– Темирлан, КСДПнын Атамбаевчи тарабы башкы прокурор, УКМК, ИИМ башчыларынын отставкасын талап кылып жатасыңар. Кандай негиздерди карманып ушундай талаптар менен чыктыңар?

– Баарыңыздар билесиздер, Алмазбек Шаршенович мыйзамсыз камалды. Экс-президент катары Атамбаевдин дарегине жиберилген, күбө катары пикир алышууга чакырылган кагаздар канчалык деңгээлде мыйзамдуу экени боюнча Конституциялык палатанын чечими бүгүнкү күнгө чейин жок. Ошого таянып, Атамбаев “суракка бара албайм, бирок, ошончолук эле маалыматтар керек болуп атса, мен ал маалыматтарды жазуу түрүндө, же ММКлар аркылуу жооп бергенге даярмын” деген. Бирок, бийликтегилердин ою башка экени көрүндү. Аларга Атамбаевдин жооптору эмес, такыр башка нерсе, б.а. оппозициянын оозун басуу керек болгон. Ошондой болгону азыр баарына белгилүү болду. Экинчиден, КР кылмыш-процессуалдык кодексинин 479-беренесинде жазылып турат: “Президенттерди, депуттарды жана башкаларды соттун чечими чыкмайын камаганга болбойт” деп. Андан сырткары, кримтөбөл Батукаевдин иши боюнча ИИМ тергөө алып барып жаткан. Ал эми Алмазбек Шаршеновичти ошол ишке байлап, бирок кармаганга келген ИИМдин эмес, УКМКнын кызматкерлери болбодубу! Бул дагы мыйзам бузуу да. Айта берсе, көп мыйзамдар бузулду. Чолпон Жакупова жетектеген “Адилет” укук коргоо клиникасы 180 суроо чыгарды. Ошонун баары бул бийликке карата, алардын мыйзамсыз аракеттерине карата баа, жыйынтык катары билем.

Ал эми Кой-Таштагы окуя боюнча 1700 адам арыз жазышты. Анда дагы бир топ маселелер камтылган. Бул башкы прокуратуранын, УКМК жана ИИМдин мыйзамсыз аракеттери бери дегенде жүздөн ашты. “Кызматтарынан кетсин” дегенге негиздер толуп кетти. Анан эмнеге УКМК, ИИМ, башкы прокуратура башчылары ишти андан ары улантышы керек?

– Коргоо министрлигинде иштеп жаткан атаңыз кызматтан кетирилишин кандай кабылдадыңыз?

– Атамдын кызматтан алынышы саясый куугунтук. Мен саясатка аралашканым үчүн, оппозиционер болгонум үчүн атамды иштен кетиришти. Адамдын өзүнө гана эмес, бүтүндөй үй-бүлө мүчөлөрүнө кошо кысым кылган методдорду күчөтүштү. Болбосо, атам профессионал, Россия, Германияда окуган, тажрыйбалуу, мыкты кадр, мекенинин мыкты коргоочусу, мыкты уулу. Мен атам менен сыймыктанам! Бул тууралуу кеңири оюмду фейсбуктагы баракчама жаздым. Окусаңыздар болот.

– Сизди да Россиядагы окууңузга барууга, чек арадан чыгууга тыюу салышканы айтылды эле, бирок азыр Россияда экенсиз?..

– 3-июль күнү атамды коопсуздук иштери боюнча мамлекеттик комитетке чакырышканда, кабинеттен ага «Темирлан уулуңузга иш козголгону жатат, чет өлкөгө чыгуусуна тыюу салынды” дешиптир. Анан мага да чалып айтышты. Мен аны коллегаларыма айтсам, алар эл алдында айтып жиберишти. Бирок, кайра өздөрү коркуп кетип, түнкү саат 21де маалымат берип, танышты. Албетте, мени чыгарбай же киргизбей койгонго эч кандай негиздер жок болчу. Анткени, мен эч кандай мыйзам бузган эмесмин. Бирок, мага коркутуулар болгону чындык.

– Атамбаев камалгандан бери эмне менен алексиз?

– Алмазбек Шаршенович камала электе эмне менен алек болсом, ошол иштеримди эле кылып жүрөм.

– 2020-жылкы шайлоого катышуу планыңыздар барбы? Анткени КСДП экиге бөлүнүп кетти. Юридикалык жагы кандай чечилди, кайсы тарабы мыйзамдуу?

– Алдыдагы парламенттик шайлоого КСДП, албетте тигил же бул жол менен сөзсүз түрдө катышат. “КСДП экиге бөлүндү” деген маалымат калп. Анткени, Сагынбек Абдрахманов деген партия мүчөсү эмес. Аны бир дагы адам колдобойт, сөзүн укпайт. Рейдерлик жол менен басып алганга аракеттерди кылышты, ишке ашкан жок, ашпайт дагы. КСДПны ким түптөгөнүн, кимдики экенин эл жакшы билет.

Динар Турдугулова

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: