Menu

Жалал-Абад шаарындагы мушташка тиешеси бар делип 22 жаштагы 4 бала 2 айга камакка алынды

Бөлүшүү:

Дүйшөмбү, 9-сентябрь күнү саат 23:30 чамасында, Жалал-Абад шаарынын Барпы-Сейил көчөсүндө жайгашкан жаңы ачылган «Дина» аттуу түнкү клубунун жанында, Базар-Коргон районунун тургуну 1993-ж.т. Б.М.ди өзүнө бейтааныш балдар пикир келишпестиктен зомбулук көрсөтүп, уруп коюшкан. Натыйжада Б.М. денесинен жараат алып Жалал-Абад областтык клиникалык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

Аталган факты Жалал-Абад ШИИБнин КЖБРне Кыргыз Республикасынын ЖКнин 266-беренеси (Ээнбаштык) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, ага карата соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Тергөө аракетинин жүрүшүндө 2019-жылдын 10-сентябрь күнү Жалал-Абад ШИИБнин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын ЖПКнин 98-беренесинин негизинде шектүүлөргө карата кармоо токтомдору түзүлүп, Сузак районунун 1997-ж.т. тургундары А.Т. жана А.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилип, 2 айга камакка алынган. 11-сентябрь күнү тергөөнүн жүрүшүндө кылмыштын квалификациясы КРнын ЖКнин 266-беренесинен (Ээнбаштык), 138- беренесинин (Ден соолукка оор зыян келтирүү) 2-б. 1,3-б. өзгөртүлгөн.

Кечээ, 12-сентябрда бул окуяга тиешеси бар делип дагы бир Сузак районунун тургуну 1997-ж.т. Т.У. кармалып, 2 айга камакка алынган. Окуянын дагы бир катышуучусу Сузак районунун 1997-ж.т. тургуну С.А. “аталган окуядан жаракат алдым деп” Сузак районундагы Октябрь аймактык ооруканасына дарыланууга жаткан. Кече, саат 20:00 чамаларда Сузак райондук сотунун тергөө судьясы тарабынан бөгөт коюу чарасы 2 айга камакка алуу тандалып, Жалал-Абад ШИИБнин УКИне киргизилген.

Белгилей кетүүчү жагдай, буга чейин кээ бир ЖМКларда окуяга катыштыгы бар делген шектүүлөрдүн арасында учурдагы иштеп жаткан Сузак районундагы айыл өкмөт башчыларынын биринин уулу бар экен деген маалымат таратышкан. Бул маалыматты төгүндөп, учурда иштеп жаткан (действующий) бийлик өкүлүнүн, жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарында иштеген жетекчи же кызматкердин шектүүлөргө эч кандай тиешеси жок экендигин маалымдайбыз.

Азыркы учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: