Menu

КСДПдан кимдер чыгарылды?

Бөлүшүү:

Кой-Таштагы окуяларга байланыштуу Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) айрым мүчөлөрү Сагынбек Абдрахманов жетектеген КСДПнын катарынан чыгарылды. “Бирөөдөн өч алалы же бирөөгө жамандык кылалы, чыгаралы (!) деген ой жок болчу. Биз партиянын жобосунун негизинде иш кылып жатабыз. Кой-Таштагы кандуу окуяга Жогорку Кеңештин депутаттары жана башка мүчөлөрү катышып калышкан. КСДПнын катарынан депутаттар Ирина Карамушкина, Асел Кодуранова, Карамат Орозова, Мурадыл Мадеминов жана Анвар Артыков бир добуштан чыгарылды” деди Абдрахманов. Бул билдирүүгө Анвар Артыков “мен ал партияда жокмун да, анан кантип чыгарат? Фракциядан өзү арыз жазып чыкса мандаты алынат. Ал эми фракцияда жоктор деле жүрбөйбү. Бул болгону саясый шоу. Мен ага көңүл деле бурбайм” дейт.

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 53 + = 57

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: