Menu

Путин менен Нетаньяху Жакынкы Чыгышта кызматташуу тууралуу сүйлөштү

Бөлүшүү:

Иран Израилге багытталган ракеталарын жайгаштыруу үчүн Сириянын аймагын активдүү колдоно баштады. Бул тууралуу Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Сочиде Орусия президенти Владимир Путин менен жолуккан маалда билдирди.

Нетаньяху мындай шартта аймактагы орус жана израиль аскерлеринин ортосундагы диалог маанилүү болуп жатканын белгиледи. Ал Путин менен жолугушуунун алдында Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу менен сүйлөшүп, ага Жакынкы Чыгышта эки өлкөнүн аскердик кызматташуусу зарыл экенин айтканын билдирди.

Өз кезегинде Путин эл аралык терроризм коркунучунун фонунда Изариль менен Орусиянын карым-катышы өтө маанилүү экенин белгиледи. Ал израиль премьеринин 2020-жылдын башында Тель-Авивге келип кетүү чакыруусун кабыл алганын кошумчалады.

Быйыл Путин менен Нетаньяху үчүнчү жолу жолукту. Израиль премьер-министри бул сапарын 17-сентябрга белгиленген өлкөдөгү парламенттик шайлоонун алдында жасады. Израиль ЖМКларынын маалыматына караганда, Нетаньяху бул сапары менен өз партиясынын рейтингин көтөрүп, ага добуш бере турган жарандарды өзүнө тартууну көздөп жатат.

Буга чейин Нетаньяху шайлоодо жеңишке жетсе Иордандын Батыш жээгинде израиль суверенитетин орнотууга ниеттенип жатканын билдирген. Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антонио Гутерриш анын бул айткандарын айыптап, мындай кадам «эл аралык укукту олуттуу бузуу болорун» эскертти. Нетаньяхунун бул позициясын Орусиянын Тышкы иштер министрлиги дагы сынга алган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 27 − = 23

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: