Menu

Фото – Иран ИИМнин башчысы Абдолреза Рахмани Фазли “Ата-Бейит” тарыхый-мемориалдык комплексине барды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри, милициянын генерал-майору Кашкар Жунушалиев жана Иран Ислам Республикасынын Ички иштер министри Абдолреза Рахмани Фазли “Ата-Бейит” тарыхый-мемориалдык комплексине барышты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Иран ИИМнин башчысы жана Кыргызстандын ИИМ министри 1916-жылкы каргашалуу окуяларда курман болгондордун мемориалына, саясий репрессиялардын курмандыктарынын эстелик-мемориалына гүл коюшту. Делегациянын өкүлдөрүнө “Ата-Бейит” мемориалдык комплексинин тарыхы жөнүндө айтып беришти. 1937-жылы 137 адам атылган, 70 жылдан кийин кайра жерге берилген, ал эми 1991-жылы алардын элесине арналып, ушул мемориал тургузулган. Кыска маалыматтарда бул жерде Жусуп Абдрахманов, Төрөкул Айтматов, Касым Тыныстанов жана башкалар чыгаан мамлекеттик жана коомдук ишмерлердин аттары белгиленген. Чынгыз Айтматовдун сунушу менен мемориал  “Ата-Бейит” (“Аталардын күмбөзү”) деп аталган.

Ошондой эле, министрлер жана делегациянын өкүлдөрү улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун көрүстөнүнө гүл коюп, эскеришти.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 7 = 17

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: