Комузун Москва черткен
Белгилүү адабий сынчы, омоктуу окумуштуу Салижан Жигитов менен публицист Алым Токтомушевдин бул маеги учурда Турдакун Усубалиевди кыргыз элинин пайгамбары көрсөткөн тарыхка кылчайбас тазбайматтарды артка кайрылып ой калчатабы, жокпу, билбейбиз, тек Кыргызстандын саясый тарыхына тереңден үңүлбөгөндөр үчүн акыйкат кептин ажарын ачаар бул маек-дүкөндүн маани-маңызы бүгүн да эскирбегенинен шегибиз жок.
Акыл чөйчөгү толук окурмандардын ой элегине сала турган бул маек «Асаба» гезитине 25-август, 2000-жылы жарыяланган экен. Көз жүгүртсөк, эскирбептир. Эсил кайран эки асыл – Салижан акебиз менен Алыкебиз жолдош Усубалиевдин бейнесин келиштире кеп кылышкан экен. Окугула. Талдагыла. Ой калчаган калкка окшоп артка да, алдыга сереп салып көнөлү…
Акүйдө отургандар да, Көкүйдө отургандар да коомдук пикирди эске алып калгысы бардыр. Жасалма тарыхты токуй салчуларга экмет болор балким…
— Салижан Жигитович, байкап аткандырсыз, «Асаба» гезитине каршы бийлик атакасы президенттик шайлоо жакындаган сайын күркүрөп күчүнө кирип баратыр. Атаканын ишеним арткан «оор артиллериясы», кыязы, Т.Усубалиевдин Бишкектеги Ленин райсотуна жазган доо арызы сыяктанат. Жаралган заты, духу, көлөмү жаатынан «КПСС тарыхынын кыскача курсун» эске салган ал арыз бир эмес, эки гезитке этектей-этектей болуп басылды. Өкмөт гезиттери менен Кыргыз телевидениеси сот чечимин күтпөй эле «усубалиев» ураанын чакырып, «Асабага» ар кандай саясый жана саясатка тиешесиз айыптарды тагып, «ана жабабыз, мына жабабыз» менен алакан ушалап туру. Эми демократия терисин жамынган экс-коммунист идеологдорду тушүнсө болот, алар кайсы заманда болбосун ушундай «саясый кыраакылыкка» чакырылган.
Түшүнбөгөнүм, улуттун «мээси», «акыл-эси» атанган кыргыз интеллигенциясы адатынча үн катпай туру. Айрыкча кече эле «коммунисттик тоталитаризмге», «усубалиевщинага» каршы катуу чабуул жарыялап, төш кагып жүргөн демократтардан дайын жок. Канткен менен жолдош Усубалиев «Асабага» койгон айыпты алардын ар бирине он эселеп артса болот. «Асаба» сыяктуу эле алардан өч алууга, алардын «көзүн тазалоого» «тарыхый» шанс тапса болот. Андан да оппозициябыз деп опулдагандар бүгүн оозуна талкан куюп алгандай унчукпайт. Идеялаш, санаалаш деп өзүңүз билесиз, «Асаба» аларды дзотко төш тоскондой коргоп келди.
Ушуга окшогон узун сабак себептерден улам «бетке чиркөө» бардыгына карабай сизге кайрылып отурам. «Бетке чиркөө» дегеним, колубуз кычышып кетип сизди да жазып жибердик эле: «штаттагы еврей» «кыргыздын, Манастын кусуру урат», ана-мына деп. Баса, ал «ачылыштардын» авторлору эми бийлик «фронтуна» өтүп, «Асабаны» баарынан озунуп ашатып атыр.
Сиз коомдук ой-пикирге катуу кысым жасалып турган тиги быкшыма (застой) учурунда деле акыйкат үчүн утурумдук саясаттын тууралыгынан тайманбай шек санап жиберчү элеңиз, адилетсиздикке, азыркыдай бир жактуу таламайга каршы чыгып, калыс сөздү айткан учурунуз көп эле.
Айталык, баягы кайра куруу заманында тактыдан шыпырылган Турдакун Усубалиевич большевикчил салтка ылайык эски коллегалары, кечээки «колбалалары», Ч.Айтматов жетектеген ажаан жазуучулар тарабынан узак убакыт «төөбастыга» алынбадыбы. Ошондо а кишинин жакшылыгын көп көргөн протежелеринен (шакирттеринен), туугандарынан, бажаларынан, жердештеринен «төөбастыга» алып жаткандарды «койгула!» деп жоошуткан, «качкан жоону катын деле сая берет» деп уяткарган бир да киши чыккан эмес. Баары тең бүлкүлдөп коркуп унчукпай отурган. Дал ошондой шартта сиз Жазуучулар союзунун пленумунда да, «Кыргызстан маданиятынын» бетинде да үстөкө-босток партиялык «ур-токмок» жеп атса деле үн чыгарбай жүргөн Турдакун Усубалиевичти мынчалык төпөштөгөнгө каршы чыккансыз. Бул үн аны коргоо иретинде кыргыз оозунан чыккан биринчи үн эле. Азыр да ошондой эрдик кылчу бурсат алдыңызда ачылып туру. Тике эле сурайын: биздин гезиттин азыркы абалына көз карашыңыз кандай?
— Мени мактап, талуу жеримен кармадың. Мактаганда эле дардаңдап чынымды айтып жиберчү элем. Ошентет окшойм, курган жаным.
— Мактангандык эмес. Шек санап турсаңыз, өзүм көргөн, катышкан жыйындардан, басма жүзүндөгү талкуу, талаштардан конкреттүү мисалдарды дагы келтирип берейин.
— Аны жөн эле кой. Турдакун Усубалиевичтин арызын окугам. Сен айткандай, эки гезитке толтура чыгыптыр, ал гезиттерди окучу эмес элем, элдин баары эле окуп атат, окуп көр деп бирөөлөр апкелип беришти.
Мындай да: ошол совет учурунда деле бир жактуу мактоолор же бир жактуу токмоктоолор кошоматчылыктан чыкчу, коркоктуктан чыкчу. Бийлик «официалдуу уруксат кылынган сөздү гана айт» деп, мойнуна «билинбеген» кылыч такап турчу. Ошондо ойлоп кетчүмүн: «Бул жерде бир топ адал ниет кишилер отурат, окуучуларым отурат, алар, мүмкүн, коркконунан сүйлөй албай атат; ушунча элдин, 2,5 млн. кыргыздын ичинен чын сөз айткан бир киши чыкпаса, ал элдин бул дүйнөгө жашаганынын эмне кереги бар?» Анан чырылдап чынымды айтып ийип, анын азабын кийин өзүм тарткан учурлар болгон. Бирок ал мезгилде тоталитар режим эмес беле.
Азыр «Асаба» тегерегинде да ошол мүнөздөгү чыр чыгууда. Мындай ишке мамилесин билдирип, калыс сөз айткан кишилер чыгышы керек. Айрыкча интеллигенциядан. Көздөрү жетип турган чындыкты тайманбай айтып, элге жеткирүү, түшүндүрүү, ошону менен коомдук пикир тарбиялоо интеллигенциянын милдети эмеспи. Анын үстүнө баштагыдай моюнга кылыч такап турган эч ким жок. Бул чатак эки нарындыктын жарма таарынычы эмес, аябагандай принциптүү маселе. Мунун артында азыркы коомго, чала-чарпыт болсо да түптөлүп калган демократиялык өнүгүшкө коркунуч туудура турган нерселер бар.
Маселен, Турдакун Усубалиевич кара күчкө райондук сотко кайрылып, кыйыр түрдө мамлекет башчысына, өкмөт жетекчилерине мамынтип табыш салып турбайбы: «Мага эле эмес, силерге да асылып келаткан «Асабаны» жаптырып бергиле, массалык маалымат каражаттарын куду Леонид Ильич экөөбүздүн чагыбыздакындай жалгыз добуштуу кыла көргүлө!». Дегинкисин айтканда, «Мени сындаган гезит жабылсын!» деген талаптын өзүндө демократияга карата катуу опуза бар.
— Мындай ойго Усубалиевдин арызын окуган соң келдиңизби же «Асабадан» уламбы?..
— Сөз экөө жөнүндө болуп атпайбы. Ачыгын айтсам, илгери а кишинин үстүнөн жазылган арыздарды окугам, Турдакун Усубалиевичтин бул арызы да ошол арыздарга окшош экен. Ал тууралуу кийин айтам. Абалы «Асабага» келели.
«Асабанын» Кыргызстанда оош-кыйыш менен ишке ашкан демократиялык өнүгүштүн бир туундусу деп атасак болот. Балким, бул кыргыз басма сөз тарыхындагы биринчи коммерциялык гезиттир. Коомдук шарттын өзгөрүшүнө биринчи адаптация кылды, б.а. байырлады. Жөнөкөй калктын рухий муктаждыктарын, талап-шартын алымсындырыш үчүн, моокумун кандырып, табитине жооп бериш үчүн оппозициялык позицияга да өтүп, кадыр-барк таап алды. Аны карапайым калк да окуйт, чоңдор да окуйт, айылда да, шаарда да окуйт дегендей, айтор, эң окумдуу гезит. Андай даражага жетиш үчүн, албетте, ар кандай айла-амалдар колдонулду. Андан Усубалиев же башкалар сыяктуу криминал издеп, «кыраакылык» кылуу жөнсүз. Себеби Кыргызстандын шартында гезит өзүн өзү акташы, багышы кыйын.
Башка бай өлкөлөрдө өкмөт оппозиция багытындагы гезиттерге жардам берип, атургай багып турат. Мисалы, алар Австрия, Франция, Нидерланд, Норвегия, Швеция, АКШ, Германияда кыйыр да, түз да субсидияланат. Кыйыр дегенибиз, салык, же почта, же телефон акысы сыяктуу чыгымдарын жабат же жеңилдетет. Россияда да ошондой. «Завтра», «Советская Россия», «Правда» сыяктуу ашынган оппозициялык гезиттер да көптөгөн жеңилдиктерге ээ, атүгүл өкмөттөн аздыр-көптүр дотация алат.
А биздики жардам бералбай атат. Анткени эл кедей, эл кедей болгондон кийин өкмөт кедей. Өздөрүнүн гезиттерине өп-чап бирдеме берип карап турат. Ушундай шартта гезит өзүн өзү багып кетиши кыйын. Канча гезиттер чыкты, анан жанагы, эфемер өсүмдүктөр болот, бир ай жайнап чыгып, күн тийгенде эле өчүп калат, ошол сыяктуу өчүп калып атпайбы. Бул жагынан «Асаба» гезитинин чыгармачылык коллективине объективдүүлүк менен тан бериш керек.
Экинчиден, «асабачылар» гезитти өтүмдүү кылабыз, элди күлдүрүп, көңүлүн бурабыз деп көп учурда оңунан чыкпаган тапандык кылып жатпайбы. Олуттуу анализ унутулуп калууда. Аны түшүнсө да болот. Ачкачылык менен да, токчулук менен да сынап көрөт элди турмуш акең. Адамдарды эркиндик менен да сынап көрөт. Ошол эркиндик менен сынай келгенде, «Асабадан» бир топ кемчилик кетти. Биринчиден, көп маалыматтар текшерилбей, такталбай жарыялана берип, олуттуу окурмандын ишеничи бөксөрдү. Экинчиден, гезит өкмөтчүлөрдүн таза-балитин, ыймандуу-ыймансызын, илгеричил-керичилин ылгабай дүңүнөн көөлөй берип, ахлакий критерийлерди кармоо зарылчылыгын кээде аңдабады. Үчүнчүдөн, коммунистпи, исламистпи, реакционерби, айтор, азыркы бийликке кимдер каршы турса, гезит алардын трибунасы боло берип, демократияны жактоо, коргоо, пропагандалоо маселелерин көз жаздымында калтырган учурлары болду. Бул жаатынан караганда «Асаба» да өзүн-өзү сын көз менен карап, өткөн-кеткенин анализдеп, жыйынтык чыгарып турушу керек.
Усубалиев мисалын алып көрөлү. Ал киши фактолог. Сүйлөгөн сөзүнө, кылган-эткенине карата реакцияга, откликтерге катуу капа болот. Өзүнө байланыштуу чыккан ар бир макалага сөзсүз жооп берет. Жооп бербей калган учуру аз. Анан ал киши ашкан кекчил экендигин нарындыктардан башканын баары билет. Анын үстүнө меники гана туура дегенге жедеп көнүп алган. Андай болгондон кийин «Асаба» а кишини жалаң фактылар, далилдер менен айтып, бир чети сакалын сыйлап, сылык-сыпаа сындаш керек эле.
— Кечиресиз, ачуу какшык, ирония, керек болсо ачык келеке ар кандай талаш-тартыш, сын-пикирдин дамамат курч куралы болуп келбеди беле?
— Бул айтканым кыргыз психикасын да эске алыш керек деген кеп да. Мисалы, цивилизациялуу өлкөлөрдө ММКга (СМИге) карикатураланып чыгуу өзүнчө реклама, сыймык деп саналат. Батыштагылар Россияны толук цивилизацияга жетелек деп жатпайбы. Ошол Россиянын НТВ телеканалында «Куклы» деген берүү бар. Бийликте башы көрүнгөн кишинин баарын эле баса калып мыскылдап, келекелеп атат. Ельцинди го эликтеп атып түшүрүштү. Эми ар бир көрсөтүүсүндө Путинди мазактай баштады. Калпы-чынын ким билет, «Куклынын» автору Шендерович: «мени «кукла» кылгыла деп 100 миң долларга чейин сунуш кылышат, бирок биз көрүнгөндү эле анте бербейбиз» деп айтты бир сапар.
Ал эми Турдакун Усубалиевич тоталитардык аң-сезимди (акыл-эсти) ташыган, быкшыма (застой) доордогу рухий деңгээли менен катып калган киши болгондуктан, — ал кездеги партжетекчилер тамашаны билчү эмес, юморду түшүнчү эмес, олуттуудан олуттуу боло берип, оңкосунан кетпедиби! — а кишинин ошондой психикасын, спецификалык жөн-жайын эске алып, сындаганда башкачарак, карматпай тургандай сындаш керек эле. Ошол жагдайды эске албаганыңар а кишиге бир кездеги «марксизмди-ленинизмди бурмалады» дегендей шылтоолор болуп атпайбы.
— Сын кайсы заманда болбосун ритуалдуу сылыктыкты талап кылып келет. Ал, албетте, сын айткан кишинин маданият деңгээлине, илим-билим, акыл-эс ал-күчүнө, андан да нары айтсак, темпераментине жараша болот. Бирок публичный саясатчы деген түшүнүк бар эмеспи. Күнүгө коомчулуктун көзүнө көрүнүп, кулагына угулуп, коомдук турмушка таасир этип турган ишмер ар кандай деңгээлдеги сын пикирлерди угууга аргасыз го дейм?
— Туура. Турдакун Усубалиевич акыйкатта да аракеттеги саясатчы. Ал кайра-кайра депутат болуп, саясатта өзүнүн активдүүлүгүн улам оргутуп баратат. Демек, мындай жүрүм-турумга коомчулук тарабынан сөзсүз реакция болот. Мисалы, эски саясатчылардан Казы Дыйканбаев унчукпай отурат, ага эч ким тийген жок, ал жөнүндө юбилейине байланыштуу эле бирдеме жазылбаса, эч нерсе жазылган жок. Мисалы, Күлүйпа Кондучалова. Усубалиев экөөнүн жашы бирдей эле болуш керек, эл арасында кадыры андан да жогору, депутат болом деп жулунган жок. Же Арстанбек Дүйшеев, Темирбек Кошоев ж.б. Алар саясатка аралашкан жок, сөз да уккан жок.
Турдакун Усубалиевич депутат болбой койсо, сүйлөбөй койсо, анын жакшы-жаман жагын тарых өзү баалайт болчу. Сөз укпайм, сын укпайм десе, анда тарыхка да кирбей коюш керек эле. 24 жыл Кыргызстанды башкарымыш болуп турду да, жалпы кишилик табияты, билими, таланты, эмгеги жагынан киргенге арзыбаса деле тарыхка кирип калды. «Башкарымыш» дегеним, Москва эмнени жаса десе, ошону жасап, бийликтен түшпөштүн айласынан ошоякка кошомат кылып бөйпөктөп күн көрдү. Советтер Союзунун жетекчилеринин көбү бийликте ошентип отурчу эмес беле.
— Арызында деле, китептеринде деле а киши ошол кезде баары шумдук болчу, майкөл-суткөл эле, Кыргызстанды катуу өстүргөм, «Асабанын» ушакчылыгы бурмалап атат деп, толгон-токой статмаалыматты ала жүгүрүүдө.
— Өстүрсө, кулагынан тартып өстүрүп турган го, кулагын коё бергенде эле түшүп кеткендей кылып. Же көчүгүнөн жөлөп, колун ала койсо, шалк этип түшүп калгандай кылып… Коомдук ал-абал Брежнев убагында эмне үчүн жакшы болгондугун бу киши нары жагына чейин түшүнбөйт экен. Быкшыма мезгил, Брежнев заманын мактаган, жактаган, балким, КМШда Т.Усубалиевден башка киши жоктур. Баары эле жазып атат: Брежнев турган 10 жылдын ичинде Россия жалаң нефть, газ сата берип, 800 миллиард доллар тапкан. Анын 700 миллиардга жакынын же ашыгын жалаң ракета, согуш куралдары, согуш камылгаларына жумшап, чет мамлекеттерге жардам берип, калган 100-200 миллиард долларына элди багымыш эткен. Кыргыз баласы орусча айтмайынча ишенбейт, мына алдымда «Комсомольская правданын» 25-май, 1998-жылдагы саны жатат, окуп берейин: «КПСС никогда не поступилась бы своей политической и экономической монополией, если бы могла бесконечно торговать дешевой, бившей фонтаном из тюменской земли нефтью за приличные деньги. На беду Политбюро случилось так, что одновременно и цены на нефть упали, и богатейшие месторождения оказались угробленными, перестали фонтанировать, потребовали вложения денег. И все, режим обанкротился».
Т.Усубалиев айтып, арызына калетсиз акыйкат катары киргизип жаткан «бейиш» ошол нефтедоллар инъекциясы болучу: колхоз-совхоздор кайра кайтарылбас кредиттердин эсебинен иштеп турган, китептер ошол Россиянын эсебинен чыккан, ири өнөр жайлары эл кызыкчылыгына караганда аскер кызыкчылыгына ыңгайлашып курулган, жолдор жолдош Т.Усубалиевдин карандай кадырына эмес, мисалы, Кытай жагынан коркунуч болуп кетеби деп салынган, аэропорт, аскер да ошондой максатта кармалган. Турдакун Усубалиевич «гүлдөтүп», «өстүрүп» салган республика анан кантип эле Аскар Акаевич келер замат үйлөгөн табарсыктай быш эте түшсүн! Муну билиш үчүн партиялык жогорку мектепти бүтүрүштүн зарылчылыгы деле жок.
Ошол учурда коом, экономика реформага суусап чаңкап турган. Дүйнөдө техникалык революция жүрүп, көп нерселер күн санап, саат санап жаңырып аткан. Анын баарын байкабай «ура-ураалап», өлкөнү 20-30 жыл башкарган Брежнев өндүү карыган кишилер бири-бирине кулдукуруп, бирин-бири куру даңаза кылып, жандуу ой-пикир боло калса жалпайта чаап, коркутуп-үркүтүп, мамлекетти ушул акыбалга алып келди.
Социализм, коммунизм дегендердин идеялары жаман деле эмес болчу. Алардын бир тобун ишке ашырып койсо болмок. Социализмдин чыгышы менен бүт Батыш дүйнөсү өзгөргөн эле, бизде да ушундай болуп кетеби деп коркуп коргонууга өткөн. Ал коргонууга Турдакун Усубалиевич жана анын кожоюндары жалаң экономиканы өнүктүрүү, технологияны жаңылоо, элдин турмушун көтөрүү менен коркунуч туудурбай, курал-жарак менен коркутабыз деп нефть-газды күрөп сата берди. Азыр деле айтып атпайбы: нефть менен газ түгөнүп калса, бүттү, Россия очоюп отурат деп. Мынабу Советтер Союзу менен социализмдин кулаш негизин ушулар жаратты. Социализм идеяларын Турдакун Усубалиевичтин кожоюндары (арасында өзү да бар) банкрот кылды, адамзаттын альтернативдүү тарыхый өнүгүшү катары түгөтүп койду, абийирин кетирип, ашмалтайын чыгарып салды. Ошондуктан ошол команданын ичинен тирүү калгандары өлгөндөр үчүн да, өздөрү үчүн да бүт адамзаттын алдында, тарых алдында жакасын муунта кармап, бото курду моюнга салып чөгөлөп, кудайга ишенсе, кудайга, кудайга ишенбесе, айды карап өкүнүшү, кечирим сурашы керек.
— Бирок Турдакун Усубалиевичтин антейин деген түрү жок. Арыздын тейине караганда, быкшыма мезгилге, андагы өзүнүн ролуна кыл жугузчудай эмес.
— Ооба, китептеринде деле, макалаларында да, атүгүл арызында да өзүн аябай жакшы көргөнү, эч бир жаңылган жокмун деп эсептегени байкалат. Логикалык маданияты жакшы өнүккөн, европалык тарбия алган киши болсо, бийликте 24 жыл отурдум, жылына бирден ката кетирсем да 24 ката кетти, экиден кетирсем 48 ката кетти деп ойлобойбу. «Эми заман ушундай болчу, ал убакта менин колумда бийлик деле жок эле, Москва бийлечү, мен КПСС БКнын жөнөкөй инструкторунан деле чочуп, ошолорго да кошомат кыяууга аргасыз элем.
Кошомат кылсам, бийликти эле сактайын дебей, кыргыз элине да жакшылык кылайын деп кошомат кылдым. Никита Сергеевичти канча мактадым, Леонид Ильичти мактоо жагынан мага Шеварднадзе, Алиев да жеткен жок, анан азыр өзүм жаман көрүп жүргөн Горбачевду деле ордумда калып каламбы деп далай көкөлөттүм. Ага койбой эле түшүрүп койду. Эми заман ошондой болчу, тарыхый процесс ошондой эле» десе, кудайга деле, элге деле жагып, акылга деле сыйбайт беле.
Мен өмүр бою саясатка аралашпаган, саясаттан тышкары турган кишимин. Ташкенде элчи болуп жүргөндө тележурналисттер көчөдөн эле кармап алып: «Өмүрүңүздө эмне ката кетирдиңиз?» деген суроо беришти эле, «айланайын, менин бүт өмүрүм совет доорунда өттү, бүт совет доору ката делинип, катага чыланып атса, анан менин өмүрүм кантип ката болбойт» дедим.
Акыл жүгүрткөн киши өзүнүн бийликте 24 жыл отурганынан деле уялышы керек. Тоталитар режимде гана ушундай болушу мүмкүн. АКШда ар кандай президент 8 эле жыл отурат. Францияда 14 жыл экен, азыр 10 жылга түшүрөбүз деп жатат. Түркияда президенттик мөөнөт 7 жыл экен, азыр 5 жылдан 10 жыл же 4 жылдан 8 жыл болсун деп атышат депутаттар. Андан ашса, алтын баштуу киши деле элди жадатып ийет деп атышат.
Турдакун Усубалиевич дүйнө тарыхы, бүт адамзат кастарлаган демократиялык жөрөлгөлөр менен тааныш болсо, бийликке 24 жыл отурганын теңирден тескери иш деп табышы керек эле. 24 жыл аны эл ишенип отургузган жок, компартия отургузуп койду, а киши карып калган, алжып калган политбюро мүчөлөрүнө кошомат кылып, ошолордун ишеничине кирип отурду. Мен баланча жолу депутат болгом деп атпайбы, депутат болгондо, эл шайлаппы? Эл шайлаган жок, элге шайлатты, шайланды деп, дайындап койду. Эл мага ишенич көрсөткөн дейт. Ким ишенич көрсөтүптүр? Москва ишенич көрсөткөн.
А киши өзү айткандай чын эле эл сүймөнчүгү болсо, кыргызга кылган кызматын элдин баары билсе, эмне үчүн депутаттыкка талапкерлигин Бишкектен же Караколдон койгон жок? Айтуусуна караганда, аябай көп жакшылык кылган Оштон эмне үчүн депутат болуп шайланып албайт? Арызында бир эле нерсени: мен бийлеп турганда Оштун келиндери баланча бала тууган дегенди гана айтпаптыр.
Ушул жагдайдан караганда, Турдакун Усубалиевич жердештеринин патриархалдык аң-сезимин эксплуатация жасап, өз айылынан шайланып жатат. «Эл оозунда элек жок» дейт… айылдык элдин оозуна цензура совет учурунда да коюлган эмес, айтылып атат, угулуп атат, жумгалдык шайлоочулардын «тизгинин тартуу» максатында райаким кылып жээнин апарды, атаандаш чыкпасын деп басым-кысым жасады, шайлоочулар менен жолугуу учурунда Жумгалда илгерки партманап кезеңиндей алды-артынан райондун аткаминерлери, ГАИ коштоп жүрдү деп.
Ошонун баары кагазга түшө бербейт, биздин кыргыз же күндөлүк жазбайт, же эскерүү калтырбайт, же чынын айтып өлбөйт, ошондуктан көп турмуштук чындыктар тарыхта калбай атпайбы. А Усубалиев аксакал ар кыймылды кагазга түшүрүп көнгөн экен, ошону, партиянын пленумдарынын чечимдерин көтөрүп алып, «меники гана чын», «меники гана туура» дегенге ыктап жатып алды. Антүүгө, албетте, а кишинин толук акысы бар. Ошол эле учурда башкалардын пикир айтуу укугун да эске алыш керек. Плюрализм деген ошол да. Мисалы, арызда «Брежнев качан ошентип айтыптыр, далилдесин» маанисиндеги дооматтар кыйла. Ошол эле учурда өзү Брежнев ж.б. дөө-шаалар менен оозеки сүйлөшкөнүн айныгыс аргумент катары көтөрүп чыгат. Ошол эле дооматты өзүнө коюп: «Брежнев сизге качан ошентип айтты эле, далилдеңиз» десе, эмне дейт? Же Брежнев тууралуу сөз болгондо: «өлгөн киши жөнүндө жаман айтпайт» деп «уяткарат». Дүйнөдө Ленинди деле, Марксты деле согуп атпайбы. Небак өлгөн Сталинди жерден алып, көргө чаап атышат. Эмне, алар жерде калган «жаман» киши беле? «Жаман» деген сөз укпаш үчүн тарыхка кирбеш керек. Тарыхка кирбеген кишилерди деле кыргыздар «жер жамандап барбасын» деп абийирин аштай төгө берет.
Кыскасы, ошол кездеги чоңдордун баары чала сабат болгон сыяктуу эле макала, арыз, китептерине караганда Турдакун Усубалиевичтин деле логикалык маданияты ойдогудай өнүгүп кетпептир, анан да тоталитардык аң-сезимден арылбагандыгы адырайып көрүнүп турат.
— Раззаковду батырбай койгон, Кулматовду куугунтуктаган ж.б. фактыларды Усубалиев аксакал ар дайым «ушак», «жалаа» деген сөздөр менен жабыштыра чабат. Буга кандай карайсыз?
— Кагазга жазылып калбаса эле а кишинин балээсине калганың да. Бирок турмушта болгондун баары эле кагаз бетине түшүп калбайт. Мисалы, чоңдор телефон аркылуу бир топ иштерди бүтүрө берери маалым. Америкада президент эмне сүйлөсө, үйүндөбү, ишиндеби, телефон мененби, башка мененби, айтор, бүт бардыгы магнит лентасына жазыла берет. Демократиялык өлкө деген ошол. Бизде андай жок. Жакында болорун кудай билет. Усубалиев ошон үчүн «мен сүттөн акмын», «мен суудан тазамын» деп ар кимди жакалап атат да. Бирок аларды көргөн-билген кишилердин көпчүлүгү тирүү турат. Муун таптакыр алмашып кеткен жок. Ошол убакта китепке жазылбай, гезитке басылбай, стенографияга түшүрүлбөй калган окуялар абдан көп. Мисалы, Усубалиев Талас группасын кантип талкалаганын элдин баары эле айтып жүрөт. Ошонун баары жазылыш керек да. Турдакун Усубалиевич жазып атат, дагы жазсын. Тарых ылгап алат. А эмне үчүн мен жазайын да, силер жазбагыла деш керек? Турдакун Усубалиевич ошо убакта компартиядан корккондонбу же башка да себеби барбы, айтор, көп кишилерди куугун-сүргүнгө алды, ыдык көргөздү. Башкасын коюп, мен өз чөйрөмө жакын кишилерди алайын. Мисалы, юрист доктор Нурбеков дегенди, профессор Асан Токтосунов дегенди жакшы эле куугунтуктады. Маркум Жээнбай Мукамбаев жок жерден эле ыдык жеп калды. Өзүнүн үстүнөн арыз жазган кишилердин сары изине чөп сала кубалаганын эч ким тандыра койбос. Компартия, Москва калкалабаса, аларды не кылмагын ким билет?
Компартиянын дагы бир касиети бар эле: биринчи жетекчи эч убакта акылдуу, жаркын кишилерди алдына чыгарчу эмес. Кошоматчы, орой айтканда, башына сийип ийсе да эчтеме эмес деп бетин сылап басып кеткендерди, чоңоюш үчүн кордуктун баарына чыдаган, эки ирет аял албаган, көрүнөө ичкилик ичпеген кишилерди көтөрмөлөчү.
Ырас, кээде билимдүү, таланттуу, жамалдуу кишилер да чочугандай көтөрүлүп калчу. Мисалы, андайлардын бири Бейшенбай Тоголокович Мураталиев эле. Турдакун Усубалиевич Тоголоковичти көтөрөрүн көтөрүп алып, бирок а киши Москвага чогулуштарга барып, Капитонов тарабынан кабыл алынып, Кремлдеги чоң-кичине чиновниктердин кеп-сөзүнө кирип калганда, кайра аны басым-кысымга ала баштаганы жашыруун сыр эмес болчу. Мен Турдакун Усубалиевичтин ичи тардыгы, кызганчактыгы, кекчилдиги тууралуу кеп-сөздөрдү маркум Бейшен Тоголоковичтин өзүнөн да, анын жакын кишилери (менин ашыналарым) Касым Исаев менен Ишенбай Абдуразаковдон да уккамын. Суранып кайрылсаңар, колу бош пенсионер Касым Исаевич бул маселеге байланыштуу толгон-токой факты айтып же жазып берер.
Менин байкашымча, К.Кулматов деле ошол сыяктуу тагдырга туш болду. Ага каршы иш ал Москвага кеткенден кийин козголду. Кулматовдун аялы Горбачев менен бирге окуганбы, же комсомолдо иштеп жүргөндө Горбачевдун Кулматов менен мамилеси болгонбу, айтор ал москвалык бийлик менен жакындашып кетти. Турдакун Усубалиевич бийликке 24 жыл отуруп алган соң, жанындагылар деле тажаса керек, аны түшүрүү үчүн арыз бергенби, дегинкиси Кеңеш Нурматович деле турат, кат жазып сурасаңар болот, Усубалиевдин койгон кинелерине басма жүзүндө жооп да берди өндөнөт, айтор, ошондон кийин гана Турдакун Усубалиевич Бостоновду сууруп чыгып атпайбы!
Бостоновго окшогондор азыр деле самсып жүрөт, Турдакун Усубалиевич эмне үчүн аларды кубалабайт? Демек, Бостонов Кулматовду жыдытыш үчүн керек болгон да. Окуянын логикасы ошого апарат. Азыр болсо Турдукең Кекенди кубалаган эмесмин деп танат. Кубалаганын элдин баары эле билет. Мына, К.Н.Кулматовдун кызы Зина мени менен бирге иштечү. Зыркырап эле коркуп отурчу. Артыбыздан аңдытып салды, чоң энем үйгө бирдеме таштап ийеби деп уктабай калды ж.б. деп. Тоталитар система ошондой кишилерди чыгарган да. Анын баарын тарых айтыш керек, кимдир-бирөөлөр жазыш, изилдеш керек. Силерди көп болсо Турдакун Усубалиевич жаптырып коёр, бирок кыргыз эли өлбөйт, интеллигенция түгөнүп калбайт. Бул силерди жактагандык эмес. Турмуш токтобойт, тарых токтобойт, 5 жыл десе, 5 жыл бат эле өтөт, 10 десе, ал деле өтөт экен. Адамдын өмүрү көз ирмем да…
— А киши бизди «усубалиевщина» деген ярлык менен мени шылдыңдайт деп айыптоодо. «Усубалиевщина» дегенге кандай карайсыз?
— «Усубалиевщина» дегенди «Асаба» чыгарган жок. Баягы эле өзү кызмат кылган компартиясы чыгарды. Эл оозуна да илинди, айтылды, жазылды. Ошо кездеги гезиттерди карап көрсө, четтен чыгат. Кечээ суверендешкенден кийин деле депутат Б.Ааматов «усубалиевщинанын тамырын кыркыш керек» деп кыйкырып атпадыбы. Телевизордон бүт Кыргызстан көрүп турду. Эми айланайын, бийликке 24 жыл отуруп алгандын өзүн эле усубалиевщина десе болот. Ырас, Усубалиев диктатор болгон эмес, ал тактеке (орусчасы: марионетка) болгон. Комузун Москва черткен, бу киши Кыргызстанда бийлеп турган. Бул кечээ же бүгүн чыга калган жаңы деле сөз эмес, эркин дүйнө социалисттик лагердегилерди бүт марионеткалар деп атачу. Бирок режим өзү диктатура болгон. Диктатор экен, Сталин бийликке 30 жыл отурду. Диктатор экен, Сухарто отурду 33 жыл. Андан кийин эле Турдакун Усубалиевич болуп атпайбы. Колдогон кожосу Брежнев да жетпей калды ага анчалык көп отуруш жагынан. Ушунун өзү эле табиятка жат, тарыхтын демократиялык негизине сыйбаган нерсе да. Анан 24 жыл бийликте өзү эле «быкшыбай», кайын-журт, жерге-жээн, урук-тууган, бала-чакасын тарта баштады. Алар иштей алабы, иштей албайбы, иши болгон жок. Ошентип жер-жерлерде «кичинекей усубалиевдер» жайнап кетти. Элдин нааразылыгын жаратты.
«Жер жамандап барбагыр» Муса Жангазиевди эле алалы. Халтурщик болбосо да, катардан төмөн акын эле. Усубалиевге бажачылык жайы бар экен, заматта классик кылып чыгарды. Албаган сыйлыгы, наамы, барбаган жери калган жок. Адабият «генералына» айланып, жазуучуларды башкарды. Ошол эле учурда Т.Касымбеков сыяктуу кыргыз адабиятынын деңгээлиндеги чыныгы классиктерге идеялык ката каргысы илинип, сөздүн түз жана кыйыр маанисинде айдалып, сүрүлүп жүрдү. Айтор, айта берсе андай мисал четтен табылат.
Кыскасы, «усубалиевщина» деле тоталитардык режимдин белгиси, мүнөзү, символу. Айырмасы ага кыргызчылык кошулуп кеткен. «Усубалиевщина» — «брежневщинанын» кыргызча варианты. Андай термин эл оозунда айтылып, кагаз жүзүндө жазылып жүргөндөн кийин аны иликтеш, изилдеш керек, ага аныктама берүү зарыл. Политолог дегендер жайнап жүрбөйбү, ошолордун милдети да.
Анүчүн ошол коомдун, Турдакун Усубалиевдин портретин негиздүү тартыш керек. Мен жана айтпадымбы, гезитиңердин Усубалиевди обу жок шакабалаган юморуңарга көп жагынан кошула бербейм. А кишинин коомго жакшылык кылайын деген аракети арбын, аны да эске алыш керек. «Платон досум, бирок чындык андан да кымбат» дегендей, ) жижиң калем аксакалдын тоталитатор маанайдагы кылык-жоруктарын тескеп-териштирип көргөндө «Усубалиевди урматтаса болот, бирок чындык андан алда канча улук» принцибин кармануу зарыл.
Булак: “Асаба” гезити 25-август, 2000-жыл
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ