Menu

Министрлик болгондон мигранттын түйшүгү түгөлдөнөбү?

Бөлүшүү:

Кыргызстандын миллиондогон жарандары чет элде иштеп жүрүшөт. Ошондуктан миграция кызматын министрликке айлантуу керек. Мындай ойду Жогорку Кеңештин депутаты Улукбек Ормонов айтып чыкты.

“Азыр Тышкы иштер министрлиги бул кызматты өз карамагына алганы жаткандыгы тууралуу сөздөр чыгып жатат. Буга чейин эле эталган кызмат алардын карамагына өтүп, бирок эч кандай натыйжа берген эмес. Миграция кызматы министрлик болуш керек” деди У.Ормонов.

Аталган кызмат 2015-жылдан бери Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Миграция мамлекеттик кызматы болуп түзүлүп, иш жүргүзүп келе жатат. Эгер эл өкүлүнүн ою ишке ашып Миграция министрлиги түзүлсө чет элде жүргөн мекендештерибизге жеңилдик болобу же баягы эле кызматтык штаттар көбөйүп, чыгым арткандан башка өзгөрүү болбой кала береби? Аны убакыт көрсөтөт.

Булак: «Жаңы Ордо»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: