Menu

Түнкү клубдун жанында

Бөлүшүү:

Жалал-Абад шаарындагы түнкү клубдун жанындагы жаңжалда ур-токмокко кабылган 26 жаштагы Мунарбек Бекишов ооруканада көз жумду. Дарыгер Абдуламит Сайпидиновдун айтымында, жабырлануучу бүгүн 13-сентябрда саат 10:00 чамасында каза болгон.

«Бейтаптын баш мээсинде гематома бар эле, ошол себептүү дагы кан басымы бир түшүп, бир көтөрүлүп жаткан. Ал катуу ур-токмокко кабылып, баш мээси жабыркаган. Организм жаш болгондуктан көтөрө алган жок. Бүгүн таңга жуук кан басымы турукташып, абалы кечээкиге караганда бир аз жакшырган болчу. Бирок саат 10:00 чамасында кан басымы түшүп, үзүлдү. Сөөктү өлүкканага жеткирип беребиз, ал жакта соттук-медициналык экспертиза жүргүзүлөт. Биз колубуздан келген бардык аракеттерди көрдүк», – деди дарыгер.

Эске сала кетсек, 2019-жылдын 9-сентябрь күнү саат 23:30 чамасында Жалал-Абад шаарынын Барпы-Сейил көчөсүндө жаңы ачылган «Дина» түнкү клубунун жанында Базар-Коргон районунун 1993-жылы туулган тургуну Б.М.ге бейтааныш жигиттер пикир келишпестиктен улам зомбулук көрсөтүп, ур-токмокко алышкан. Б.М. денесинен жараат алып, Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

10-сентябрь күнү Жалал-Абад ШИИБдин тергөө кызматы тарабынан КРнын ЖПКнын 98-беренесинин негизинде шектүүлөргө карата кармоо токтомдору түзүлүп, Сузак районунун 1997-жылы туулган эки тургуну А.Т. жана А.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.Бул мушташка тиешеси бар делип дагы эки шектүү кармалып, 4 шектүү эки айга камакка алынды.

Булак:KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 48 + = 56

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: