Menu

Билим министрлигиндеги “мите курттар” же Тажикстандагы этникалык кыргыздарга берилген орундарды ким сатып жиберген?

Бөлүшүү:

Мамлекеттердин чегаралары аныкталган учурдагы тарыхый шарттын жагдайына жараша Кыргызстандын аймагынан сыртта калып, бүгүнкү күндө бөлөк өлкөлөрдө күн кечирип жаткан этникалык кыргыздарга карата мамлекет тарабынан ар кандай багыттагы жардамдар көрсөтүлүп келет. Алардын бири – жогорку окуу жайлардан берилген орундар. Кыргыз өлкөсүнүн бул колдоосу чет жерде жашаган жүздөгөн кыргыз жаштарынын бактысын ачып, ондогон жылдардан бери өз кадрын даярдаганга салымын кошту. Бул жалпы кыргыздын жеңиши болду десек жаңылышпайбыз.

Жогоруда белгилегендей, Эгемендүүлүк алгандан бери Кыргыз мамлекети башка өлкөлөр сындуу сыртта жашаган боордошторуна кам көрүү максатында жогорку окуу жайлардан квота бөлүп, орто мектепти бүтүргөн этникалык кыргыздардын уул-кыздарына жогорку билим берип келе жатат. Өкүнүчтүүсү, быйылкы жылдагы сынакта жанды кейиткен жагдай орун алып, «жең ичинен» жүргөн иштер изги саамалыкка көлөкө түшүрдү. Дегенибиз, этникалык кыргыздарга бөлүнгөн орундардын басымдуу бөлүгү бир аймакка ыйгарылып, «устакандалып» кетти.

Салтка айлангандай, буга чейин ЖОЖдордон бөлүнгөн орундар кыргыздар жашаган райондорго берилип, сынактар өз аймагында өткөрүлгөн соң, жеңген балдар Кыргызстанга жөнөтүлүп турган. Бул эң алгылыктуу чечим болгон. Анан эле көзүн кызарткан бирөө чыга калып, четөлкөдө жашаган кыргыздардын баары сынакты Кыргызстандын борбору Бишкектен тапшырсын деген жобону киргизе коюптур, ошондон баштап маселе татаалдашып кетти. Шартты түшүнбөгөн кемпайдын айынан этникалык кыргыздар азап чегип жаткан чагы.

Маселен, окууга тапшыруу үчүн Кытайдан Кыргызстанга келүү мүмкүн эмес, ал жактын мыйзамдарын билебиз. Эгер мурдагыдай орундар жөнөтүлсө, өз жеринде тапшырып, мамлекеттин уруксаты менен келишмек. Ал эми Тажикстандан менен Туркиядан Бишкекке келип тапшырганга мамлекет тоскоолдук кылбайт, бирок каражат жагы оор. Тажикстандан бир кишинин келип кетиши 6-7 миң сом. Бирөө жарым коштоп келсе 15 миң сом кетет. Ага эптеп тиричилик өткөргөн этникалык кыргыздардын чачма-чаркы жетеби? Бул кыйнаганга тете иш да.

Айтор, Кытай менен Туркияны мындай кой, жаныбыздагы Тажикстандан Бишкекке келип сынакка тапшыруу – азаптын тозогу. Мунун өзү «колуңда барың келип көр, колуңда жогуң нары тур» деген эле сөз. Себеби, бей-бечарасы тобокелчиликке салып келе албайт. Эптеп келген күндө деле бул жакта тишин шакылдатып тургандардын элегинен өтөрү белгисиз. Анын фактысы быйыл далилденип, башка мамлекеттерде жашаган этникалык кыргыздарга берилген орундар бир өрөөнгө ыйгарылып кетти. Бул жемкорлук эмей эмне?

Фактыга келсек, этникалык кыргыздар үчүн Билим берүү министрлиги быйыл 75 орун бөлүп, анын ичинде Өзбекстанга – 30, Тажикстанга – 25, Кытайга – 10, Түркияга – 5, Казакстанга – 5 квота бериптир. Эгер бул орундар мурдагыдай ар бир өлкөгө жөнөтүлгөндө баарына балдар келмек. Бирок, азыркы «жең ичинен» иш бүтүргөнгө ылайыкталган жобого ылайык сынак Бишкекте өткөндүктөн, Түркия, Кытай жана Казакстандан балдар келе албаптыр. Мүмкүн Тажикстандагы этникалык кыргыздар окшоп кеч уккандыр. Же мамлекет уруксат берген эместир.

Кыскасы, «келбей калды» деген шылтоого жамынган билим министрлигиндеги «мите курттар» 57 орунду Өзбекстандан келген кыргыздарга карматышкан. Баасы аябай көтөрүлүп, Медакадемияга болгон орундар 3 миң долларга чейин чыкканы тууралуу сөздөр бар, бул чынбы? Эгер бул сөздөр ушак болсо, анда эмне үчүн мамлекет тарабынан Тажикстандык, Кытайлык, Казакстандык жана Түркиялык кыргыздар үчүн берилген орундар мыйзамсыз түрдө жулуп алынып, Өзбекстандан келген кыргыздарга берилди?

Мындай өкүмзөрлүкка Президенттик аппарат тарабынан чукул арада көңүл бурулушу керек. Анткени, бул орундар Президенттик квота деп аталып, эгемендүүлүк алгандан бери адилеттүү түрдө бөлүнүп келген. Эгер азыркы шалаакылыкка чара көрүлбөсө, ажого сөз тийип калышы мүмкүн. Андыктан, кемчиликти жоюу милдет. Башкасына кол шилтеген күндө дагы, Медакадемияга болгон орундар кайтарылып берилиши керек. Ал оңой-олтоң келген эмес, бир нече жылдык кайрылуулардын негизинде чечилген.

Баса белгилеп айтарыбыз, Президент тарабынан этникалык кыргыздардын ар бирине энчиленип берилген орундарды министрликтин алдындагы түзүлө калган беш кишилик комиссия бөлөккө ыйгарып бергенге эч кандай акысы жок. Эгер келбесе орду бош турушу керек. Тагыраагы, Тажикстандагы же башка өлкөдөгү кыргыздарга ыйгарылган квота бөлөк бирөөгө берилгени Президенттин укугунан аша чапканга барабар. Баса, министрликте этникалык кыргыздарга берилген 7 орундун дайын-дареги билинбей калган, буга да министрлик жообун берер…

Сөз аягында эске сала кетерибиз, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Ош облусунда губернатор болуп турган кезинде Бадахшан облусуна иш сапары менен барып, Мургаб районунда жашаган кыргыздардын көйгөйү менен жеринде таанышып кайткан. Ал сапарда Алымбек датка менен Курманжан датканын уулу Абдылдабектин мүрзөсүнүн башын көтөрүп, элдин батасын да алган. Эми ошондо чечилген медициналык окуу жайга болгон орундар Мургабдык кыргыздарга берилбей калганы эмне деген катачылык?

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 81 − 79 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: