Menu

Видео – Анджей Жот, саякатчы: “Мен дүйнөнүн 111 өлкөсүн автостоп менен кыдырып келатам, бир күнгө $2 гана коротом”

Бөлүшүү:

Дүйнө кыдырып, саякаттоо ар бир адамга эле жакса керек. Биздин каарманыбыз, 35 жаштагы Анджей  дагы 16 жашынан баштап автостоп менен жер кезип, дүйнө кыдырып келет. Азыр өлкөбүзгө саякаттап келген Анджей Жот кыргыз элинин меймандостугуна аябай ыраазы экендигин билдирди. Саякатчынын кызыктуу жашоосу тууралуу төмөндөн таанышыңыздар.

-Саламатсызбы Анджей мырза, алгач өзүңүз тууралуу айтып берсеңиз?
-Менин атым Анджей Жот, улутум боюнча полякмын, бирок кош жарандуулугум бар, азыр Улуу Британиянын Ливерпуль шаарында жашайм. 3 айдан бери Борбор Азияда саякаттап жүрөм. Алайга барып 7134 метр бийиктиктеги Ленин чокусуна чыктым. Анан Ош жана Жалал-Абад облустары аркылуу автостоп менен Бишкекке, сиздерге келип калдым.
-Дүйнө кыдырып саякаттоого каражатты кайдан табасыз?
-Мен өзүм Исландияда кийим чыгаруучу фабрикада иштейм. Үстүмдөгү кийим ошол фабриканыкы. Батыш Европада саякаттоого жетишерлик чоң акча тапсаң болот.
-Жылына канча убакыт иштеп, канча убакыт саякаттайсыз?
-Былтыркы жылы 4,5 жума иштедим: 2 жумасын Францияда, ал эми 2,5 жумасын Англияда.
-Сиз саякаттап кетсеңиз үй-бүлөңүз кантип жашайт?
-Ата-энем жана иним бар, бирок өзүм үйлөнө элекмин. Азырынча келечек пландарымда үйлөнүү маселеси жок.
-Канча жашыңыздан баштап саякаттап баштадыңыз жана буга эмне себеп болду?
-Анда мен 5 жашта болчумун. Апам менен биринчи жолу узак жолго чыккам. Бирок менин эсимде жок. Биз Польшанын борборунда, ал эми чоң таятам  менен таянем шаардан 160 км алыстыктагы айылда жашачу. Ошол жакка чейин автостоп менен барыптырбыз. Анткени ал кезде ал жакка автобус же башка транспорттор жок эле. Кийин апам автостоп менен барса болорун айткан. Ошондон тартып мен автостоп менен дүйнөнү да кыдырып саякаттаса болот экен да деген ойго келдим.
-Өз алдынча саякаттоону качан баштадыңыз?
-16 жашымда биринчи жолу Германияга баргам. Бизде мыйзам боюнча ата-энесинин коштоосуз, жалгыздап башка өлкөгө 16 жаштан баштап гана саякаттоого уруксат берилет.
-Саякат учурунда күнүнө канча акча коротосуз жана эмнеге?
-Автостоп менен саякаттаганым үчүн транспортко эч нерсе төлөбөйм, кийим-кечек сатып албайм, болгону тамак-ашка күнүнө 2 доллар гана акча коротом. Айрым Непал, Индия сыяктуу өлкөлөрдө 1 доллар менен жашаса болот. Ресторандарга кирбейм, жылдыздуу мейманканаларга түнөбөйм, каучсерфинг ресурсу аркылуу бекер түнөтө турган жерлерге гана кирип түнөйм. Жатак таба албай калсам рюкзагымда чатырым бар, талаага орното коюп түнөп кете берем.

-Кыргызстанды саякаттап кыдырганыңызда кызыктуу учурлар болдубу, айтып берсеңиз?
-Алайга, Памир тоолоруна барганымда болду. Алайда автостоп жок болуп, жөө саякаттадым. Көп адамдар менен тааныштым. Алар аябай меймандос келишет экен. Ар бир боз үйгө конокко чакырып тамактандырып жатышты. Мага койдун башын тартышты. Мындай нерсени шаардан көрбөйсүң. Силердин Алай тоолорундагы Ленин чокусуна (7134 м) чыктым.
-Кыргызстанда сизге дагы эмнелер жакты?
-Бул жердин наны(лепешка) жакты. Бир жума Казакстанда болдум, бирок алардын наны бул жактыкына жетпейт экен. Албетте аларда да лепешка бар экен, бирок Кыргызстандын лепешкасындай даамдуу эмес. Андан тышкары Кыргызстанда самса, паалоо жакты…
-Кыргызстандын башка өлкөлөрдөн эмне айырмасы бар экен?
-Адамдар өтө меймандос келишет экен. Өзбекстанды да ушундай меймандос деп айтышат. Бирок ал жерде эки эле күн болдум. Жакшы билбей калдым. Эми жакында кайра барам.
-Дагы кайсы мамлекеттерге саякатка барайын деп жатасыз?
-Мен Кыргызстандын бардык облустарын көрдүм. Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын жана башка жерлерди көрдүм. Эми Таласта боло турган көк бөрү оюндарын көргөнү барам. Андан соң Өзбекстанга, Түркмөнстан, Иранга кетем.
-А сизге кыргыз кыздары жактыбы, үйлөнгүңүз келген жокпу?
-Кыргыз кыздары корей кыздарына окшош экен. Негизи жакты. Бирок сүйгөнүмдү тапкан жокмун, анткени азырынча үйлөнгүм келбейт. Менден кичүү иним үйлөнүп алып, 4 балалуу болуп, эми эч жакка чыга албай, балдарын багып Польшада жатат.
-Саякат учурунда кыйын учурларга кабылган кездер болдубу?
-Ооба, кээ бир өлкөлөрдө Кыргызстан, Казакстандагыдай жардам беришпейт. Мисалы Түштүк Америкада кыйын. Ал жерде 4,5 саат ысыкта да, суукта да жөө басканга туура келет. Себеби машиналардын айдоочулары автостоп жүргүнчүлөрдү ала кетишпейт. Балким каракчы же бандиттер деп ойлошот да токтотпой өтүп кете беришет.
-Эмне үчүн автостоп менен саякаттайсыз же финансылык жактан маселе барбы?
-Эгерде күнүнө 10 доллар коротсом көп саякаттай албай калам. Эгерде күнүнө 2 доллар сарптасам 2 ай саякаттап жүрө алам.
-Сиздин хоббиңиз?
-Менин хоббим саякаттоо жана сүрөткө тартуу. Бирок видеого аз тартам. Сүрөттөрдү телефонго тартам. Мурда фотокамерам бар болчу. Бирок көтөрүп жүрүү кооптуу экен. Ар кайсы жакка барганда уурдап кетиши мүмкүн. Мисалы, Африкада же Түштүк Америкада бандиттер, каракчылар көп болот экен.
-Сиздин жогорку билимиңиз барбы?
-Ооба, бар. География-туристтик адистиги боюнча билим алгам.
-Келечектеги максаттарыңыз кандай?
-Мен Кыргызстандан Кытайга барайын дедим эле. Бирок бул жерден такыр виза ала албай жатам. Өзүм Улуу Британиянын жана Польшанын жараны катары кош жарандыгым бар болгондуктан Кытайдын Кыргызстандагы жана Казакстандагы элчиликтери визаны Улуу Британиядан алып кел деп жатышат. Мурун Кытайга барганымда визаны Монголиядагы элчилигинен алган болчумун. Эмнегедир бул жакта Кытайга виза алуу азыр оорлошуптур. Ошондуктан Таластагы Көчмөндөр оюндарын көрүп, андан ары Өзбекстанга өтөм, Иран элчилигине виза сурап кайрылдым, виза алсам Иранга барып түрө кыдырам, Түркмөнстанга өтүп саякаттап, анан Европага кайтам. Лондондон Кытай визасын алып, Кытайга келем, андан ары Лаоско өтүп, Вьетнам аркылуу Түштүк-Чыгыш Азияны кыдырам. Баса, мен англис тилин жакшы билем, ошондуктан Въетнамда же Түштүк Кытайда англис тилинен сабак берип иштеп, каражат жыйнап алып, анан дүйнөлүк саякатымды улантсам деген да оюм бар…

Анджей Жот Непалдын Гималай тоолорунда

Анджей Жот Непалдын Гималай тоолорунда, Анапурна

Анджей Жот Непалдын Гималай тоолорунда, дүйнөнүн чокусу – Эверест -8848 метр

Анджей Жот Непалдын борбору Катмандуда улуттук майрам учурунда

Анджей Жот Индияын Гималай тоолорунда, Ладак

Анджей Жот Индиянын Кашмиринде

Анджей Жот Тибетте (Кытай)

Анджей Жот Кытайда

Анджей Жот Бангладеште

Анджей Жот Бангладештин борбору Даккада 

Анджей Жот Японияын тоолорунда

Анджей Жот Японияда

Анджей Жот Сингапурда

Анджей Жот Монголияда

Анджей Жот Лаос өлкөсүндө

Анджей Жот Греланияда, Арктика

Анджей Жот Исландияда

Анджей Жот Францияда, Алпь тоолору Мон Блан чокусунда

Анджей Жот Францияда, Алпь тоолору Мон Блан чокусунда

Анджей Жот Кавказда, Элбурс чокусунда 5647 метр

Анджей Жот Кавказда, Элбурс чокусунда 5647 метр

Анджей Жот Кыргызстанда, Алайда Анджейге койдун башын тартышты

Анджей Жот Кыргызстанда, Ленин чокусунда 7134 метр

Анджей Жот Кыргызстанда, Ысык-Көлдө

Анджей Жот Казакстанда

Анджей Жот Казакстанда

Анджей Жот Мартиника тоолорунда Кариб деңизи, Атлантика оеканы

Чолпон Алмазбек кызы
Булак: Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: