Бишкекте “Москва күндөрү” уюштурулуп, экономика жаатындагы кызматташтык, маданий жана спорттук иш-чаралар менен коштолууда. Москвалык өнөр ээлери концерт жана спектакль менен келип, спорт мелдештери өтүп жатат. Эки борбор калаанын достук фестивалын Москванын өкмөтү уюштурганын Бишкек мэриясынан кабарлашты.
Маданий программа үч күн бою 12-14-сентябрга чейин уланууда. Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда “Bel Studio” пианист-виртуоздорунун жана “Турецкий cопраносу” арт тобунун заманбап классикалык музыкасы жаңырган концерти да болду. Москва куурчак театры москвалыктардын сүймөнчүгү болгон “Ханыша бака” спектаклин тартуулап, Москва менен Бишкектин достугун даңазалаган арт-объектилердин ачылышы пландалган.
Москва күндөрүнүн маданий бөлүгү бүгүн, 14-сентябрда классиканы жана жаз музыкасын даңазалаган Tengri Music фестивалы менен жыйынтыкталмакчы. Москва күндөрүн ири акция да коштойт, ал “Instagram” социалдык тармагында жарыяланып, Москва менен Бишкектеги чоң экрандарда да көрсөтүлөт.
Бул иш-чара 2020-жылы Москвада “Бишкек күндөрү” деп аталып өтөт. Ал “Кыргызстанда Орусия жылынын” жана “Орусияда Кыргызстан жылынын” алкагындагы программанын бир бөлүгү болот.
Булак:KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ