Menu

Фото – Яшар Худиев, саякатчы: “Мен Африка, Европа жана АКШны велосипед менен кыдырып чыктым, эми Азия континентин жөө кыдырып келатам”

Бөлүшүү:

Үч континентти велосипед менен кесип өтүп, эми Азияны жөө кыдырып, саякаттап келе жаткан Яшар Худиев былтыр, 2018-жылы Бакудан Азияны түрө кыдырууга  саякатка чыккан. 450 күндө 5000 км жол басып, азыркы учурда биздин мамлекетибиз Кыргызстанга, Бишкекке келип калган учуру. Яшар Худиевдин адистиги журналист болгондуктан “Африканы велоспиед менен кыдырып” аттуу китеп жазып чыгарган. Андан тапкан каражатына Азияга саякатын баштап, азыр “Азияны жөө кыдырып” аттуу китебин жазып келатат. Саякатчы Яшар мырза менен болгон маегибизди сунуштайбыз.

Саламатсызбы Яшар Кыргызстанга кандай келип алдыңыз?

-Салам! Абдан жакшы келдик ар күнү ар кандай кызыктар, ар башка жерде саякаттап келе жатабыз…

 -Өзүңүз жөнүндө тааныштырып кетсеңиз…

-Менин атым Яшар Худиев. Мен өзүмдүн жеке жашоомду бирөөгө айтканды туура эмес деп ойлойм. Мурда журналисттик кесипте иштечүмүн кийин жер кезип саякаттоону жактырып калып, саякаттоону Азербайжандын Баку шарынан баштагам. Биринчи велосипедде саякаттачумун, 27 000 км велосипед менен Африка, Европа континенттерин, АКШ өлкөсүн түрө кыдырып жүргөндөн соң ойлорум өзгөрүлүп жөө кыдырууну туура таптым, анткени жайыраак жүрүш керек болду . Ар бир басып өткөн жолдо айлана-чөйрөнүн кооздугун көрүш керек. Бир жердин жаратылышы бир жерге окшобойт басып өткөн жерлердин ар бир бурчу дейбизби бири-бирине окшобогон кайталангыс көрүнүштөрдү көргүм келди.

Сиз ушунча алыстыктан бери кантип жөө басып келе жатасыз, чарчаган жоксузбу?

– Албетте башында чарчап буттарым ооруп калчу, а азыр көнүмүш адат болуп калды. Жөө саякаттоонун эң жакшы жагы эч кандай транспортко жана эч кимге көз каранды болбойсуң жана өзүңдүн буттарың сени менен чогу кетет. Жер кезип саякаттоо учурунда чарчоону деле сезбейсиң анткени, улам башка атмосфера улам башка аура болуп кызыгып жолуңду улантып кете бересиң. Ал эми чарчаган учурда сумкамдагы чатырды тигип жатып эс алып алам.

 

-Саякаттоону качан баштагансыз?

-Азыркы Азияга жөө саякатымды Азербайжандан 2018-жылдын 14-июнунда баштагам. Алгач Азербайжандан Дагестанга өттүм, анан Астрахань облусуна, Казахстан, Өзбекстан жана Таджикистанда болдум. Тажикстандын Согди облусунан Кыргызстандын Баткен облусуна өттүм. Баткенден Ош облусуна, андан Жалал-Абад – Таш-Көмүр – Токтогул – Суусамыр – Кара-Балта аркылуу Бишкекке келгенибизге аз эле болду, 4-сентябрда келгемин. Андан бери Ысык-Көл менен Нарынга барып келдим. Эми 16-17-сентябрда кайрадан жолго чыгам. Бишкекке келгенде мага 450-күн болгон жана 5000 км жөө басып өттүм.

 -Яшар айтсаңыз эми кайсы өлкөлөрдү кыдырасыз?

– Кийинки жүрүшүм Алматыга, андан Казахстанды аралап, Россиянын Алтайына өтөм, Алтайдан Монголияга кирем, ал жак бүткөн соң Улан-Батор, андан ары Кытай менен Владивостокко өтө алсам ары кетем, эгер мүмкүн болбосо кайрадан артка кайтып, Россия аркылуу Владивостокко барам.

-Саякаттоону качан токтотосуз же мындан ары да улантып кете бересизби?

– Саякатым качан бүтөөрүн азырынча өзүм дагы билбейм. Өзүмдүн жериме барганда ойлонуп чечим кабыл алам. Баса, менин туулуп-өскөн айылым Азербайжандын Грузия менен чектешкен жеринде жайгашкан. Ошондуктан Грузияга тез-тез кирип, алардын ашканасын – тамактарынын түрлөрүн, шараптарын жакшы билем. Мекенимде болгон учурумда каучсерфинг ресурсу аркылуу чет элден келе жаткан саякатчыларды тосуп алып, үйүмө бекер жаткырып, тамак берип, сыйлап жөнөтөм.

-Өзүңүз жазган китебиңиз тууралу айтып өтсөңүз?

-Африкада жүргөндө китеп жазгам, китебимдин аталышы “На велосипеде Африку” деп аталат. Азербайжан тилинде жазылган. Азиядагы саякатым бүткөн соң “Азияны жөө кыдыруу” деймби ушул сыяктуу аталыштагы китеп чыгарам. Азыр болсо китепке жазчу окуяларды күндөлүккө жазып жүрөм. Африка континентин мен башка континенттерге салыштыра албайм. Мен үчүн Африканын элдери, жаратылышы, маданияты баардыгы эң жакшы эң сонун, эң сулуу, албетте баардыгы ойлогондой кара эмес, китебиме да ушул тууралуу жазылган.

-Саякатыңыздын бюджети кандай? Бул жаштар үчүн кызыктуу болсо керек…

-Менин бюджетим чектелүү эле, күнүнө $1,5 гана тамак-ашка чыгым болом, анткени мен транспортко, кийим-кечекке, мейманканага каражат сарптабайм. Кийимдерим жана брезент чатырым, жонумдагы рюкзакка батат. Чарчаган жерге чатырымды тигип, “спальный мешогума” кирип уктай берем. Тамак-ашка көбүнчө нан жана жашылчалар менен мөмө-жемишти пайдаланам. Этти сагынганда гана жейм. Меймандос элдер жолдо көп сыйлашат.

Ушунча көп өлкөлөрдү кыдырып келе жатасыз, аларды Африкага салыштырсаңыз кандай айырмачылыктар бар экен?

– Мен Африканы эч кандай континентке салыштырбайм жана алмашпайм, анткени ал менин үйүм. Ал жакты мен жакшы көрөм, сүйөм.

-Кыргызстан сизге жактыбы?

-Кыргызстанга мага абдан жакты силердин бийик-бийик тоолоруңар көптөгөн кооз жаратылыш таза аба, табигый булак, көлдөрүңөр кимдин болбосун эсинде калат жана жагат. Ал эми тамактары бул жакта сүт, кымыз анан көчмөндөргө ылайыкташылган боз үйлөр бар, а Африкада андай нерсе жок. Элдеринин жашоо тиричилигинде айырма болгон менен мен ойлойм бүт планета элдери бир үй бүлөдөй бирдей. Алардын кайсы динде, кандай өңдө экендиги мааниге ээ эмес. Кыргызстан абдан кооз, абасы таза, сууларга бай, жаратылышы сулуу мамлекет экен. Мага абдан жакты.

Бурул Тынчтыкбекова

Булак: KyrgyzToday.kg            

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 38 − 28 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: