Өзүнүн кумса экенин “Инстаграмда” ачык айткан өзбекстандык Шакир Шавкатовду 12-сентябрда Ташкентте мууздап кетишкен. Бул тууралуу Ташкенттин Юнусабад райондук милициясына шилтеме беришип, Өзбекстандык басылмалар жазып чыгышты. Маалыматта айтылгандай, окуя 12-сентябрдын кечинде болгон, көп өтпөй кылмышка шектүү катары 40 жаштардагы эки эркек адам кармалган.
Маркум Самарканд облусунун тургуну болгон. Анын апасы баласынын сөөгү Ташкенттеги ооруканалардын биринде өлүкканада экенин 13-сентябрда билди.
Бул иш райондук прокуратурада Өзбекстандын Кылмыш кодексинин 97-беренеси (атайылап адам өлтүрүү) менен иликтене баштады.
Өзбекстан бир жыныстуулардын мамилесине мыйзамдуу түрдө тыюу салган саналуу мамлекеттердин катарында. 2018-жылдын апрелинде БУУ ЛГБТ өкүлдөрүнүн укуктарын сактоо боюнча 11 сунуш киргизип, Ташкент аны кабыл алган эмес.
Булак:KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ