Menu

Сауд Аравиясы дрондордун чабуулунан мунай кенинде чыккан өрттөн соң мунай өндүрүүнү эки эсе кыскартты

Бөлүшүү:

Сауд Аравиясындагы “Aramco” мамлекеттик компаниясына таандык эки ири мунай кенине дрондон чабуул болуп өрт чыкты. Бул окуядан соң акыркы суткада мунай өндүрүү 5 миллион баррелге чейин кыскарганы кабарланды. Мындан улам мунай өндүрүү эки эсеге кыскарды. Өрт чыккан  мунай кендерине чабуул үчүн йемендик хусит козголоңчулар жоопкерчиликти алды.

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео бул чабуул үчүн жоопкерчиликти Иранга жүктөп, “Тегеран дүйнөлүк мунай өндүрүүгө болуп көрбөгөндөй сокку урду” деп сынга алды.

Мунай кендерине чабуул кечээ, 14-сентябрь күнү эрте менен  башталган. Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы бул чабуул Йемендин аймагынан жасалганы жөнүндө эч кандай далил жок экенин белгилеп, Ирандын президенти Хасан Роухани менен тышкы иштер министри Жавад Зарифти “жалган дипломатия жүргүзөт” деп күнөөлөдү.

Белгилей кетсек, Сауд Арабиясындагы мунай кендерине, быйыл май айында дагы “Чыгыш-Батыш” мунай куурунун эки насос станциясына дрондон сокку урулган. Андан сегиз станцияда өрт чыгып, тез эле өчүрүлгөн. Чабуулду Йемендеги Иран колдогон хусит жоочулары уюштурганы маалымдалган.

Булак:KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 37 = 43

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: