“Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү президент менен бейформал жолугушууга эле чакырылган. Буга чейин мурунку премьер-министрлер жана экс-спикерлер, ЖМКлардын редакторлору, бейөкмөт уюмдардын жетекчилери менен да ушундай эле жолугушуулар болгон”, – деп билдирди бүгүн, 15-сентябрда КР Президентинин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева журналисттерге.
“Мындай жолугушуулардын максаты – өлкөнүн өнүгүүсүнө байланышкан бардык маселелер боюнча пикир алмашуу болуп саналат жана мындай жолугушуулар салтка айланып калды. Былтыр ЖМКлардын жетекчилери жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушкан. Президенттин жакынкы пландарында алар менен кайрадан жолугушуу каралууда”, – деди Толгонай Стамалиева.
Эсиңиздерге сала кетсек, кечээ, 14-сентябрь ишемби күнү 2010-жылдагы апрель мамлекеттик төңкөрүшүнөн кийин өздөрүн Убактылуу өкмөт деп жарыялаган 14 мүчөсүнүн 12 мүчөсү КР Президенти Сооронбай Жээнбеков менен “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында бейформал жолугушууга барган. Алмаз Атамбаев абакта жаткандыгына байланыштуу, ал эми Болот Шер ооруп калгандыктан бара алышкан эмес. Жолугушууга Роза Отунбаева, Абдыганы Эркебаев, Эмил Каптагаев, Кеңешбек Дүйшөбаев, Элмира Ибраимова, Өмүрбек Текебаев, Дүйшөнкул Чотонов, Азимбек Бекназаров, Темир Сариев, Исмаил Исаков жана башкалар барышкан.
Булак: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ