Menu

Кумтөрдө дагы эле көз боемолоо…

Бөлүшүү:

Кумтөр боюнча жаңы келишимди алып өтүүгө өкмөт жана президент (көмүскөдөн) абдан аракеттенип жатат. Жаңы келишим болсо Сапар Исаков кандай келишсе, дээрлик ошол бойдон. Чалгынга каражат көбөйтүлдү дешет. Жүз миллиондогон доллар пайда таап жаткан «Центерра» өз кызыкчылыгы үчүн 24 млн доллар чалгынга бөлөт экен. Ага эмне мынча мактаныч?

Эми башка бир-эки цифраны эске салып койсок:

Кумтөрдө бир унций алтынды казып алуунун баасы 553 доллар турат (Муну эл аралык Mining.com.компаниясы эсептеп чыккан). Ошол бир унций алтындын дүйнөлүк базардагы бүгүнкү баасы 1500 доллардан ашуун. Демек, «Центерра» бир унций алтындан 1 миң доллардай пайда көрүп жатат.

«Центерра» быйыл Кумтөрдөн 565 миң унций алтын казып алууну пландаган. Демек, «Центерра» быйыл Кыргызстандан таза 565 млн доллар же 40 млрд сомго жакын акча чыгарып кетет…

Мектептери жетишпеген, ооруканалары жабдылбаган, жолдору дурус оңдолбогон, айлык маяналары өтө төмөн Кыргыз мамлекетинин жетекчилери – президент Жээнбеков, өкмөт башчы Абылгазиев, парламент мына ушул сандарга көңүл буруш керек… Анан чечим кабыл алыш керек. Болбосо Кумтөр аферасы улана берет…

Булак: «Жаңы Ордо»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 9

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: