Menu

Ак үй Усама бен Ладендин уулу өлтүрүлгөнүн тастыктады

Бөлүшүү:

“Аль-Каида” террордук уюмунун негиздөөчүсү Усама бен Ладендин уулу Хамза бен Ладен Кошмо Штаттардын атайын операциясы учурунда өлтүрүлдү. Муну менен Ак үй мурда ММКларда чыккан маалыматты тастыктады.

Маалыматка ылайык, террорчул уюмдун жетекчилеринин бири болгон Хамза бен Ладен Ооганстан менен Пакистан чектешкен аймакта жок кылынган.

Президент Дональд Трамптын атынан жарыяланган билдирүүдө операция качан жүргүзүлгөнү айтылган эмес.

Маалыматта бен Ладендин уулунун өлүмү «Аль-Каида» уюмунун күч-кубатын алсыратып, башка террордук топтор менен байланышы начарлай турганы белгиленген.

Буга чейин АКШ басылмалары Хамза бен Ладен өлтүрүлгөнүн август айында өз булактарына таянып жазып чыккан болчу.

Мамлекеттик департамент жашы 30дан өтүп калган Хамза бен Ладенди «Аль-Каида» террорчул уюмунун «мураскорлорунун бири» катары атаган. АКШ ал жөнүндө маалымат берген адам үчүн миллион доллар акчалай байге убада кылган.

Хамза бен Ладен буга чейин АКШга кол салуу чакырыгы менен интернетке аудио жана видео кайрылууларды чыгарып келген.

АКШ Усама бен Ладенди үч миңдей кишинин өмүрүн алган 2001-жылдын 11-сентябрындагы теракттын башкы уюштуруучусу катары эсептейт. Ал 2011-жылы атайын операция учурунда Пакистандын аймагында жок кылынган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: