Menu

Бишкекте коомдук транспортторго электрондук карталар чыгарылды

Бөлүшүү:

Бишкек шаарында коомдук транспорттордун жүргүнчүлөрү үчүн жаңы бирдиктүү электрондук карталар чыгарылды. Тагыраагы, алгач пилоттук режимде 10 автобус жана 10 троллейбус электрондук төлөм системи аркылуу иштейт. Мындай маалыматты Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Белгилүү болгондой, мектеп окуучулары үчүн аты көрсөтүлгөн карточкалар жасалат. Автобус жана троллейбус каттамдарын пайдалануу үчүн карточкалар октябрь-ноябрь айдарында берилет. Ал эми 2020-жылдын февраль айынан тарта маршруттук каттамдар үчүн бериле баштайт.

Электрондук систем үчүн карталарды даярдоо тендерин «ВРС АС» швейцариялык компаниясы утуп алган. Бүгүнкү күндө компания карточкадардын пилоттук үлгүсүн көрсөттү. Карточкадагы жазуулар кыргыз жана орус тилдеринде болот. Бир карточканын баасы 50 сом. Ал эми окуучулар үчүн бир карточканын баасы 1 айга 175 сомду түзөт. Окуучулар мектепти аяктаганга чейин бир эле карточканы колдонот. Эгер жоготуп же кандайдыр себептер менен жараксыз кылып алган болсо 50 сомго жаңысын ала алат. Карточкадагы балансты толуктоо Рау24 терминалы аркылуу жүргүзүлөт.

Андыктан мэрия ата-энелерге балдарынан жеке маалыматтарды алуу учурунда түшүнүү менен мамиле кылуусун суранат.

Бишкек шаардык кеңешинин №312 токтомуна ылайык, 7 жашка чейинки балдарга пенсионерлерге жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга, почточуларга транспорттук каттамдарда акысыз жүрүү тартиби сакталат. Аларга карточкалар акысыз берилет.

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 40 − = 38

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: