Кечээ 15-сентябрь күнү кечинде, Алматы облусунун Шамалган станциясында темир жолдо турган автобусту поезд сүзүп кеткени жарыяланды.
Окуяга күбө болгондордун айтымдарында, 67 жүргүнчүсү менен бараткан автобус поезд келе жаткан маалда рельсте турган. Машинисттин берген белгисине карабастан ал ордунан жылган эмес. Кырсыктан автобустун айдоочусу каза таап, төрт кишинин ар кандай жаракат алганы айтылды.
Ал эми “Казакстан темир жолы” ишканасы машинист автобусту көрөрү менен сигнал берип, поездди токтотууга аракет кылганын айткан. Бирок аралык жакын болгондуктан токтотуп калууга мүмкүн болгон эмес.
Каргашалуу кырсык тууралуу өлкө президенти Касым-Жомарт Токаев да социалдык тармактагы баракчасына жазып, каза болгон адамдын жакындарына көңүл айткан.
Бул маалымат боюнча ишти Транспорт прокуратурасы өз көзөмөлүнө алган.
Булак:KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ