Menu

Видео – Табылды Акеров: “Кыргыз тилин өнүктүрүүгө мамлекеттик кызматта иштегендер көңүл бурбай жатышат”

Бөлүшүү:

Азыркы учурда мектептерде кыргыз класстарды көбүрөөк ачууну эч ким каалабай жаткандай.  Анткен себеби шаардык мектептерде дээрлик кыргыз класстар жок. Кыргыз тилин өнүктүрөбүз дегенибиз менен мектеп, бала-бакчаларда кыргызча сабак өтүлбөсө алар барып-барып эле орус тилинде сүйлөп, орусча ой жүгуртүп калып жатышса кантип анан кыргыз тилин өнүктүрө алабыз?

“Менин ойум боюнча кыргыз өкмөтү билим берүү саясатын өзгөртүш керек. Биз көп улуттуу мамлекет болгондуктан, башка улуттун балдары кыргызча мектептердин жогуна байланыштуу баардыгы орус мектепке барып, орус тилин алып жүрүүчүлөрдүн катарын толуктап жатышат. Бул менен биздин мамлекет эч кандай пайда тапкан жок, тескерисинче кыргыз тилинин жоголушуна салым кошкон менен барабар болуп турат. Анан дагы азыркы учурда мектептерде кыргыз класстарды ачууда мектеп директорлору кызыкдар эместигинде болуп жатат. Алардын эң оңой жолу ата-энелерден кыргыз класс ачуу жөнүндө арыз түшкөн жок деп, өздөрү аракет кылбай жатышкандарында. Коомчулукта да кандайдыр бир орус мектептердин билим берүү сапаты жакшы деген ой бар, ошондуктан балдарын орус мектепке берүүгө ашыгышат. Бирок мектептерде орус-кыргыз дебей программа бир эле болот”-деген Т.Акеров өзү Эл аралык университетте окутуучу болуп иштээрин, Кыргызстандын алыскы айылдарынан келип окуган студенттер менен шаарлардан келип окуган балдарда эч кандай деле айырма байкалбаганын айтат.

“Биздин университетке келген студенттер айылдан келсе деле жакшы окуп орус тилин өздөштүрүп кетишет. Ал эми ушул эле шаарлардан келген балдар кыргыз тилин үйрөнүүгө эч кандай аракет жазашпайт. Алар орус мектепте окугандыктан кыргыз тилинен кыйналышат. Мектепте башка сабактарына салыштырып кыргыз тили сабагына коюуп берген “4”, “5”деген баалары эле болбосо, алар кыргызча бир да сөз билбейт. Тескерисинче башка мамлекетте жашап калган мигранттардын балдары кыргызстанга келип, туугандары менен байланышууда кыргызчадан кыйналгандыктан болгон аракеттерин жумшап өздөштүрүп кетип жатышат. Бирок биздин мамлекеттик кызматтарда отурган атка минерлер кандайдыр бир өздөрүн “конфорд” сезиш үчүн орусча сүйлөп, кыргыз тилин өнүктүрөбүз, өстүрөбүз деп сүйлөп койгондору менен кыргыз тилинин өнүгүшүнө эч кандай салым кошо турган иштерди жазабай жатышат. Азыр өкмөт жарымы кыргыз жарымы орус болгон аралаш мектептик программаларды киргизип, колдонсо жакшы натыйжа бермек. Окуучулар эки тилди бирдей деңгээлде өздөштүрүп чыгышмак”- деген пикирин Табылды Акеров KyrgyzToday.kg сайтына билдирип маек курду.

Булак:KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 38 = 46

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: