Menu

Фото – Элчи Кубанычбек Өмүралиев Анкара шаарынын Өнөр-жай палатасынын Өнөр-жай чөлкөмүнүн 1-уюштурулган компаниясынын жетекчилиги жана өкүлдөрү менен жолугушту

Бөлүшүү:

Үстүбүздөгү жылдын 11-сентябрында Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Кубанычбек Өмүралиев Анкара шаарынын Өнөр-жай палатасынын Өнөр-жай (Cинжан) чөлкөмүнүн 1-уюштурулган  компаниясынын жетекчилиги жана өкүлдөрү менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө түрк ишкерлерине КРнын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү жана климаты, анын ичинде бизнес жүргүзүүнүн шарттары (төмөн салыктар жана бизнес жүргүзүү үчүн чыгымдар), ошондой эле өлкөбүздүн макроэкономикалык көрсөткүчтөрү жана КРнын тышкы соода жүгүртүүсү, КРнын ЕАЭБдеги мүчөлүгү жана Европа Бирлигинен ВСП+ статусун алгандыгы тууралуу презентация көрсөтүлдү. Ошондой эле Элчи К.Омуралиев КРнын экономикасынын приоритеттүү секторлору: айыл-чарба, жеңил жана тоо кен өнөр-жай, гидроэнергетика, маалымат технологиялары жана туризм тармактарына көңүл бурду.

Жолугушуунун жүрүшүндө Синжан өнөр-жай чөлкөм компанияларынын өкүлдөрү К.Омуралиевге өздөрүнүн кызыктырган суроолорун бере алышты. Тактап айтканда, суроолор жерди жеке менчике алуу укугуна, пайдалуу кендерди иштетүүгө ж.б. байланыштуу болду. К.Омуралиев Кыргызстанда жерди жеке менчике алуу укугу бар экендигин баса белгиледи. Ошондой эле пайдалуу кендерди иштетүү үчүн тендер аркылуу лицензия берилерин баса белгиледи.

Иш-чаранын алкагында жана кабыл улуучу тараптын демилгеси менен, К.Омуралиев аталган өнөр-жай чөлкөмүнүн айыл-чарба жана курулуш техника чыгарган – «Эркунт» жана «Хидромек» ишканалары менен таанышты.

 Маалымат үчүн: Анкара шаарынын өнөр-жай палатасынын 1-Уюштурулган өнөр-жай чөлкөмү (мындан ары Синджан өнөр-жай чөлкөмү) 1978-жылы негизделип, ТРдагы эң чоң 5 Уюштурулган өнөр-жай чөлкөмдөрүнүн катарына кирет. Өнөр-жай чөлкөмүндө өндүрүш 1990-жылы башталган.

Синджан өнөр-жай чөлкөмүндө негизинен эмерек, коргонуу, химиялык, оор жана жеңил өнөр-жай, алюминийди иштетип жана айыл-чарба техникасын жана инструменттерин чыгаруу, метал иштетүү, машина куруу ж.б. тармактардагы продукциялар чыгарылат. Ошондой эле өнөр-жай чөлкөмүндө техникалык колледж иштейт.

Синджан өнөр-жай чөлкөмү 1000 га. жерде жайгашып, 5 миңден – 100 миң метр аянттуу 335 өнөр-жай тилкелери бар. Азыркы учурда өнөр-жай чөлкөмүндө 270 завод жана фабрикалар иштейт жана аны 335 чейин көбөйтүү пландаштырылууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 6 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: