Талас облусунда биринчи Улуттук көчмөндөр оюндары башталды
Оюндун маданий бөлүгү – этношаарча, этнобазар жана башкалар – «Манас Ордо» комплексинин аймагында, ал эми спорттук ат оюндары Р. Алканов атындагы ат майданда, күрөштүн түрлөрү боюнча – «Газпром» дене тарбия жана ден-соолукту чыңдоо комплексинде өтөт.
Бүгүн саат 16:00дө Р. Алканов атындагы ат майданда көк бөрү боюнча мелдеш башталып, анда Ош жана Нарын облусунун командалары беттешет. Көк бөрү боюнча жалпысынан 9 команда оюн көргөзөт: 7 облус жана Бишкек, Ош шаарлары.
Бул Улуттук көчмөндөр оюндары 21-сентябрга чейин өтөт.
Ал эми IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2020-жылы Түркияда өтөт.
Ал эми улуттук көчмөндөр оюндары Кыргызстандын ар бир облусунда жыл сайын өткөрүлүп турат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ