Сап башында Казакстан турат. Нур-Султандын Пекинге болгон жалпы карызы 12млрд долларды түзөт. Мамлекетте 50дөн ашык кытай заводу иштейт. Нефтисинин 20пайызын кытайлыктар иштетет.
Ал эми Кыргызстан 1млрд 700миң доллар карыз. Бул өлкөбүздүн тышкы карызынын 40 пайызын түзөт. А. Атамбаев президент болуп турган учурда 1млрд доллар алынган.
Тажикстандын 1млрд 200000 доллар карызы бар. Ал сырткы карыздын 48 пайызын түзөт. Алтын чыгарган жерлердин 80пайызы Кытай капиталы менен иштейт. 8 жыл мурда делимитация, демокрация шылтоосунун астында Тажикстандын аймагынын 1пайызы Кытайга өткөн. Душанбе-2 ЖЭБ кытайлар иштетишет.
Өзбекстандын карызы 7млрд 800000 долларды чапчыйт.
Жабык өлкө Түркменистан газ өндүрүүчү ишканаларын берген. 90пайыз куйүүчү отунун Кытайга экспорттойт. Базар баасынан 3 эсеге арзан берет. Болжолдуу түрдө 8млр карызы бар.
Эмнеге Кытайдан алышат? Анткени алар оңой берет. Бирок акча айлантуу ишин өздөрү алышат же жумушчу күч жиберишет.
Кытайлыктардын кызыкчылыктары күч. Себеби нефти, газ ж.б импорттошот.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ