Menu

“Жер байлыгы – эл байлыгы” же бизге кен казуу тармагында айкындуулук керек

Бөлүшүү:

Кыргызстанда тоо кен-байлыктары арбын экенин, өзгөчө алтын кору мол экенин билебиз. Жарыяланган маалыматтар боюнча өлкөдө 2,5 миңден ашуун алтын кен бар. Эң ири алтын кендеринин сап башында “Кумтөр” турат, кору 200 тоннадан ашары белгилүү. Андан кийинки катарда “Жерүй”, “Талды-Булак-Сол-Жээк”, орточо делген “Макмал”, “Бозум чак”, “Иштамбер ди”, “Үңкүр-Таш” жана “Алтын Жылга” кендери турат. Алтындан сырткары 2 миң тоннага чукул кору бар күмүш, 1 млрд. тоннадан ашуун запасты камтыган көмүр кендери бар экени айтылып келет. Минералдык ресурстарды жана жер казыналарын көзөмөлдөгөн кызматтардын маалыматы боюнча, Кыргызстанда алтын, күмүш жана көмүрдөн сырткары сурма, сымап, вольфрам, калай, бериллий, уран, алюминий, жез, коргошун, темир сындуу кендер бар. Өлкөбүз эгемендүүлүк алгандан бери бир катар ири жана майда кендер иштетиле баштады. Ал ор годо нааразылык оту тутанган, чырлуу көйгөйлөр орун алган учурлар катталып, азыр дагы жергиликтүү элдин карама-каршылыгын жарата турган очоктор турат.

Жергиликтүү элдин гана эмес, бүт өлкө жарандарынын нааразычылыгын жаратпаш үчүн Кыргызстандын аймагындагы кен-байлыктарды иштетүүдө эң алды ачык-айкындуулук камсыздалышы керек. Тоо-кен тармагына инвестиция тартуудан баштап, жарыяланган тендерлерди өткөрүүдө ачыктык орун алуусу абзел. Кен жайгашкан жер участокторундагы иштерди өз маалында которуп берип, бул багытта калк менен биргелешип иш алып баруу шарт. Алардын мыйзамдык базасын жакшыртып туруу учурдун өтө маанилүу маселелеринин бири болуп саналат.

Кыргызстан жер иштетүү маселесиндеги ачык-айкындуулукту камсыздоо боюнча эл аралык уюмдар менен кызматташып, 2004-жылы катарга кошулган. Ага ылайык, жер байлыгынан өндүрүлгөн иштер эл аралык стандарттар менен жүрүп, калктын карама-каршылыгын туудурбаш үчүн киреше жана чыгашанын ардыгын ачык, так көрсөтүүгө милдеттенткен. Бул багытта Кыргызстандагы кен казуу тармактарынын айкындуулук демилгеси (ИПДО) өкмөткө алгылыктуу сунуштарды берип, бир канча жылдардан бери ийгиликтүү иш жүргүзүп жатканын билебиз.

Кен казуу тармактарынын ачыктыгы демилгеси 2015-жылы жолдоочу статусун алгандан кийин долбоордун 2-фазасын ишке ашырууга киришип, анда, кен казуучу компаниялар жана мамлекеттик органдар үчүн КТАД боюнча окутуу жана отчетторду даярдоо сапатын арттыруу, көз карандысыз аудитор тарабынан маалыматтарды тактоону жүргүзүү, отчетторду чыгарып жарыялоо, КТАДды институтташтырууну колдоо жана кен казуучу компаниялардын ишмердигинен алынган кирешелер боюнча маалыматтарды ачып берүү каралган.

Жер казынасы жөнүндө мыйзамдын 2-главасынын 5-беренесинин 11-бөлүмүндө «КТАД эл аралык стандартын сактайт” деп жазылган. Кыргызстандагы кен казып алуу тармагынын ачыктыгынын демилгеси тренингдерди өткөрүп, кен казып алуу тармагындагы ченемдик укуктук актыларды, төлөнүүчү салыктарды, социалдык пакеттерди элге түшүндүрүп келет. Анткени, алтын кенин иштетүүдө тоо кен казып алуу тармагындагы компаниялар туура эмес иш аракеттерди жасаса – курчап турган чөйрөгө жана адамдардын ден соолугуна терс таасирин тийгизери бышык.

Мындан улам кен иштетүүчүлөр эң алды жаратылышка зыян тийбей тургандай, андан соң жергиликтүү элди нааразы кылбай тургандай жагдайдан ишин башташы эп. Ошол эле маалда жалпыбыз кен-байлыктарды иштетүүдө өлкөгө инвестиция тартыларын, калктын калың катмарынын социалдык жашоо шартынын жакшыруусуна өбөлгө түзүлөрүн туура түшүнүшүбүз керек. Мамлекеттик органдар менен кен казуучу компаниялардын маалыматтарынын ортосундагы дал келишпестиктер көп болот, аны учурунда текшерип, себептерин ыкчам жоюу зарыл.

Бул жаатта кен казып алуу тармактарынын ачыктыгынын демилгеси ийгиликтүү иш жүргүзүүдө. Компаниялар жарыялаган төлөмдөрдү өкмөттүн кирешелери менен салыштырып текшерүү жолу аркылуу ачыктыкты жогорулатууга аракеттенишүүдө. КТАД мунайзат, газ же минералдык ресурстардын коруна бай өлкөлөрдөгү ачыктыкты камсыздоо жана чыгаша-кирешелерин эсепке алууну жакшыртууга көмөк көрсөтүү максатында иштелип чыккан. Демилгени кен казуучу компаниялар, инвесторлор жана эл аралык уюмдар колдоого алышкан.

Текшерүүдөн, салыштыруудан тышкары демилгечилер мунай-заттын, газдын жана минералдык ресурстардын олуттуу коруна ээ болгон өлкөлөрдөгү башкарууну жакшыртууга өбөлгө түзүү жана өлкөдөгү кен казуу өнөр жайынын ресурстарын иштетүүдөн алынган каражаттарды мыйзамсыз чыгарып кетүүгө, ыйгарып алууга болгон коркунучту азайтууга умтулуп келишүүдө. Бул чындыгында мактоого жана колдоого арзый турган иш. Кыскасы, бизде качан ачык, айкын иштер өкүм сүрө баштаганда элдин ишеними жаралары анык.

Зулпукаар Сапанов

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 97 − 94 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: