Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева парламент 2,5 миллиард сомдук карызы бар ишканалардын салыгын кечирүү жагын карап жатканын жазып, бул компаниялар жалаң чоңдорго, депутаттарга жана жакын туугандарына тиешелүү экенин билдирди. Мындай кокуй ишти жазында парламент артка кайтарса, эми айрым бети жок депутаттар өкмөт аркылуу кайрадан киргиздирип жатканын белгиледи. Казына какшып, өкмөт бюджетти толтура албай жатып байлардын ишканасынын салыгынын карызын жоёбуз деп телпеңдеп жүргөнү кайсы акылга сыйсын. Анан уялбай Өзбекстандан 100 миллион насыя сурап коюшат. Ары жоктор…
Булак: «Фабула»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ