Menu

Деңгээлиң кандай депутат?

Бөлүшүү:

Ушул жылдын 23-сентябрында кыргыз тил мыйзамынын кабыл алынганына туптуура 30 жыл толот. Отуз жыл деп ооз көптүрүп мактана айтканыбыз менен эне тилибиз өз мекенинде өгөйлөнүп жатканы жашыруун эмес. Анткен менен азыр мурдагыга салыштырмалуу кыргыз тилине олуттуу көңүл бурулуп жатканы кубандырат. Биз ушул кыргыз тил мыйзамынын кабыл алынган күнүн утурлай жөнөкөй суроо менен айрым парламент өкүлдөрүнө кайрылып көрдүк.

Каныбек Иманалиев, Жогорку Кенештин депутаты: “Алты жөндөмөнү уктап аткан жеримден айтып берем да…”

—Каныбек Капашович, Кыргыз тилинде канча жөндөмө бар?

—Алты жөндөмө бар. Муну уктап аткан да сурасаңар айтып берем. Атооч, илик, барыш, табыш, жатыш, чыгыш.

(жооп туура)

—Кыргыз тил мыйзамын кайсыл парламент кабыл алган?

—Легендарлуу парламент.

(туура жообу; — 1989 -жылы, 23-сентябрда Кыргыз СССРнин 11-чакырылышынын депутаттары кабыл алган)

Садык Шер Нияз, Жогорку Кеңештин депутаты: “Канча тыбыш бар экенин билбейт экенмин”

—Садык мырза, «Кыргыз тили кылымдарды карыткан, эч ким аны өчүрө албайт тарыхтан» деген саптар кимдин калемине таандык?

—Мен ошол сапка: – Кыргыз тилдин кыйындыгын мындан бил, кымбат болуп түшкөн окшойт жарыктан» деп кошуп коеюн дейм да (күлүп).

(туура жообу; — Белгилүү журналист, публицист Тынчтык Нурманбетовдун “Эне тили” деген аталыштагы публицистикалык поэмасынан алынган үзүндү)

—Кыргыз тилинде канча тамга, канча тыбыш бар?

—36 тамга бар, тыбыштарды билбейм. Менден башка нерсе сурасан боло.

(Туура жообу: — 36 тамга, 39 тыбыш бар);

Умбеталы Кыдыралиев, Жогорку Кеңештин депутаты: “Значить” деген сөз “албетте” деген сөзгө үндөшөт

—Умбеталы Токторалиевич, азыркы тил комиссиясынын жетекчиси ким?

—Ошону билбейм, ким экени эсимден чыгып кетиптир.

(туура жообу; Назаркул Ишекеев)

— «Значить» деген сөздүн кыргызчасы кандай болот?

—«Албетте» деген сөзгө үндөшүп кетет да. Бирок кыргызчасын таппай жатам.

(туура жообу; “Эмнени билдирет, ушундай, бирок” деген мааниде маанисине жараша которулат).

Зиядин Жамалдинов, Жогорку Кеңештин депутаты: “Кыргыз тилини өнүгүүсүнө акча бөлүүгө каршымын”

—Зиядин Исламович, быйыл кыргыз тилин өнүктүрүүгө канча сом каралды?

—Мен деги эле кыргыз тилине бюджеттен акча бөлүнүшүнө каршымын. Кыргыз тилин кыргыздарга үйрөтүүгө акча бөлгөнүбүз туура эмес. Бирок абдан жакшы сумма бөлүнгөн. Так санын билбейм.

(Туура жообу; — 500 миллион сом бөлүнгөн)

—Кыргыз тилинин алгачкы грамматикасы ким тарабынан түзүлгөн?

—Койчу эми, ушундай суроолорду бербечи.

(туура жообу; – 1934-жылы Касым Тыныстанов тарабынан кыргыз тилинин алгачкы грамматикасы түзүлгөн)

Дастан Бекешов, Жогорку Кеңештин депутаты: “Кыргыз сөздүгүн Касымалы Жантөшев түзгөн”

—Дастан Далабаевич, белгилүү орус сездүгүн ким түзгөн?

—Аны түзгөндөр аябай көп. Мисалы Касымалы Жантөшев, Касым Тыныстанов деген инсандар түзүүгө катышышкан. Дагы калган авторлордун ким экендиги эсимден чыгып жатат.

(туура жообу; – Константин Кузьмич Юдахин)

Санжар Мукамбетов, КРнын Экономика министри: “Алиппенин биринчи автору Касым Тыныстанов”

—Санжар Турдукожоевич, кыргыз алиппесинин биринчи автору ким?

—Касым Тыныстанов болуш керек…

(туура жообу: – Алгачкы алиппени Ишеналы Арабаев түзгөн. Ал эми Касым Тыныстанов кыргыз орфографиясынын негизги принциптерин иштеп чыккан)

—Кыргыз тилиндети гезит биринчи жолу качан чыккан, аталышы кандай? 

—1926-жылы беле, окугам, эсимден чыгып атат. Азыр эстейинчи, чын унутуп калыптырмын.

(туура жообу: – 1924-жыл, 7-ноябрь Эркин – Тоо гезити)

Сезим Мураталиева

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 70 − = 67

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: