Menu

Кыргызстандын Кытайдагы элчиси Канайым Бактыгулова Хубэй провинциясынын Ухань шаарына жумушчу сапары менен барды

Бөлүшүү:

Үстүбүздөгү жылдын 11-сентябрында Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Канайым Бактыгулова КЭРнын Хубэй провинциясынын Ухань шаарына жумушчу сапары менен барды, анын алкагында рапсты өндүрүү боюнча кытай эл аралык конференциясына катышты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргызстандын дипломатиялык миссиясынын башчысы Кыргызстандын инвестициялык жагымдуулугу жана айыл-чарба мүмкүнчүлүктөрү тууралуу сөзүн сүйлөдү. Конференцияга Кытайдын мамлекеттик мекемелеринен, ассоциацияларынан, илимий жана соода чөйрөлөрүнөн 400гө жакын катышуучулар катышты. Иш-чаранын уюштуруучулары КЭРдин өнүктүрүү жана реформалар боюнча Мамлекеттик комитетинин астындагы Кытайдын чет өлкөлөрдө ишканаларды өнүктүрүү ассоциациясы жана Кытай агрардык мамлекеттеринин эл аралык алмашуулар боюнча ассоциациясы болду.

Сапардын алкагында Элчи К.Бактыгулова Хубэй провинциясынын Вице-губернатору Чжао Хайшан менен жолугушту, эки тараптуу региондор аралык кызматташтык боюнча маселелерди талкуулашты.

Мындан тышкары, Хубэй провинциясынын Коммерция бөлүмүнүн башчысы Цинь Цзюнь менен жолугушту, анын алкагында эки тараптуу соода-экономикалык кызматташтык тууралуу суйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Хубэй провинциясынын Коммерция бөлүмүнүн колдоосу менен кыргыз тарабына Кыргызстандын инвестициялык жагымдуулугу тууралуу презентация көрсөтүү үчүн кытай бизнес чөйрөлөрүнүн өкүлдөрү менен өзүнчө жолугушуу уюштурулду.

Азыркы учурда Хубэй провинциясынын Коммерция бөлүмүнүн башчысы Цинь Цзюнь башында турган Хубэй провинциясынын делегациясы, кытай бизнес өкүлдөрдүн катышуусу менен чогу жаңы долбоорлорду изилдөөгө жана эки мамлекеттин шаарлары жана райондору ортосунда боордош байланыштарды өнүктүрүү үчүн, ушул жылдын ноябрь айынын башында Кыргызстанга сапары менен барганга камынып жатышат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: