Menu

Түркмөн атайын кызматы студенттер арасында «тыңчыларды» тартуу менен алектенүүдө

Бөлүшүү:

Түркмөнстандын атайын кызматы студенттердин арасында «өз кишилерин» көбөйтө баштады. Бул тууралуу «Эркин Европа» радиосунун түркмөн кызматына өлкөдөгү бир нече жогорку окуу жайдын студенттери менен окутуучулары билдиришти.

Басылманын маалыматына караганда, университеттерде кадимки штаттык кураторлордон тышкары Улуттук коопсуздук министрлигинин бир нече кишиси дагы иштейт. Алар студенттерди өзүнө тартып, өлкөдөгү абалга нааразы курсташтары тууралуу маалымат алып турушат.

«Мындан тышкары аларга VPN аркылуу тыюу салынган сайттарга кирген жана WhatsApp, Telegram мессенжерлерин колдонгон курсташтарын аныктоо тапшырмасы берилүүдө», — деп билдирди радионун Ашхабаддагы кабарчысы.

Маалыматка караганда, мындай «кызматташуу» үчүн студенттерге окууну аяктагандан кийин жакшы жумушка орноштуруу убадасы берилүүдө.

Буга чейин чет өлкөлөрдө окуган түркмөн студенттери үйүнө келгенде атайын кызмат өкүлдөрү чакырып, курдаштары тууралуу маалыматтарды сурап жатышканын билдиришкен.

Өз кезегинде Түркмөнстандын атайын кызматы маектешүүгө диний уюмдарга тиешеси бар студенттер гана чакырылып жатканын кабарлаган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 39 + = 42

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: