Menu

Орусия «Борбор Азияда коопсуздукту камсыз кылууга багытталган» аскердик машыгууларын баштады

Бөлүшүү:

16-сентябрда Орусия куралдуу күчтөрүнүн жыл сайын өтчү «Борбор-2019» деп аталган командалык машыгуулары башталды. 21-сентябрга чейин улана турган машыгууларга Кытай, Индия, Пакистан, Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстандын күч түзүмдөрү дагы катышат.

Маалыматка караганда, бул жолку машыгуулардын негизги бөлүгү Борбордук аскердик округда (Орусияда мындан тышкары Батыш, Чыгыш жана Кавказ аскердик округдары бар) өтөт.

Орусиянын Коргоо министрлиги кабарлагандай, машыгуулар маалында «эл аралык терроризмге каршы күрөшүүдө жана Борбор Азия стратегиялык багытында коопсуздукту камсыз кылууда коалициялык мамлекеттердин күчтөрүн колдонуу» маселелери каралат.

Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу машыгуулар үчүнчү өлкөлөргө эмес, терроризмге каршы күрөшүүгө гана багытталганын билдирди. Бирок «Аскердик өнөр-жай курьери» басылмасы сценарийге ылайык, машыгуулар биринчи кезекте «армия армияга каршы» деген классикалык аскердик аракеттерге багытталып, анда каршылаштардын агрессиясын (анын ичинде авиациялык-ракеталык соккуларды) токтотуу жана контрчабуулга өтүү ыкмалары кайталана турганын жазды. «Ведомости» гезитинин кабарлашынча, машыгуулар «сегиз полигондо жана Каспий деңизинде» өтөт. Анын негизги максаты — «Борбор Азия аймагындагы ыктымал агрессиянын алдын алуу» болуп эсептелет.

Америкалык Jamestown Foundation аналитикалык борборунун маалыматына караганда, машыгууларга «128 миң адам, 20 миң техника жана курал-жарак, 600 учак жана тик учак, ошондой эле 15 аскердик кеме» тартылат. Борбор өз баяндамасында белгилегендей, бул машыгуулар «терроризмге каршы аракеттерге эмес, көбүрөөк мамлекеттер аралык согушка даярдык катары көрүнүүдө».

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 45 + = 52

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: