Menu

Башкага иштеген мыйзам Жапаровго иштебейби?

Бөлүшүү:

Абактан баш коргоо чарасы өзгөрүп үй камагына чыккан Өмүрбек Текебаев азыркы бийликке ода айтуу менен алек. Чү дегенде эле “Тарыхый кадамдарды мен эмес, Мадумаров эмес, Сооронбай Жээнбеков жасап жатат” – деп коңгуроо какты. Аз өтпөй “Мен саясий күчтөр менен анын ичинде азыркы бийлик менен да иштешүүгө даярмын” – деп “куйругун бултактатты”. Демек, Текебаев азыркы бийлик менен ачык сүйлөшүп, шерттешип алып абактан чыкты деген бүтүмгө келсек болот.

Эми негизги маселеге кайрылалы. Талгарбековго, Бектур Асановго, Кубанычбек Кадыровго арналган азаттык, Өмүрбек Текебаевге, Дүйшөн Чотоновго берилген ырайым жалгыз Садыр Жапаровдон буйтап жатканын кандай түшүнөбүз? “Садыр Жапаровдун соттук ишине тиркелчү барымта маселесине байланышкан маселени жокко чыгаргыла” – деп Ысык-Көл облусунун экс-губернатору Эмилбек Каптагаев Башкы прокурорго чейин кайрылды. Бул пикирин ал киши сотто да айтып, соттук отурумда расмий билдирди. Андан кийин кечээ жакында эле “Менин Садыр Жапаровго эч доом жок” – деп жалпы калайыкка кайрылды. Мына ушул негиздердин аркасы менен эле Садыр Жапаров жок дегенде буга чейин жатак абагына которулушу керек эле. Апасы, атасы, жакында уулу бул дүйнөдөн өтүп кетти. Оор кайгы башында турат. Ак жеринен абакта отурганы айкын деле болуп калды. Бийлик акыйкат болсо Жапаровду абактан чыгарып жиберсе болмок. Тилекке каршы, антпеди. Биздин баамыбызда жеке адамдын тагдыры менен ойноп, саясий баталияларга туштап жеке керт башына упай топтош үчүн президент саясий өңүттү күтүп жатат шекил.

Акыйкатка келе турган болсок, бүгүнкү күнү Садыр Жапаров анчейин коркунучтуу фигура эмес. Канча жылдан бери чоң саясаттан алыстап, бир эмес үч трагедияны башынан өткөрүп, азыр өз алапайын таппай турган мезгил. Финансылык базасы деле чектелүү, эң негизгиси “сот жообуна тартылган” деген ширма жабышып калды. Бийликтин күткөнү эле ушул болчу. Тилекке каршы, азыркы бийлик “эгер Садыр Жапаров эркиндикке чыкса “Кумтөр” компаниясы менен болгон сүйлөшүүлөргө каскак болот” деген гана кооптонуу менен бошотпой жатпаса, аны абакка кармоо зарылчылыгы бүгүн жокко чыкты.

Алмаз Темирбек уулу

Булак: «Фабула»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 45 = 53

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: